Кыргыз коомчулугуна белгилүү экс-президент Аскар Акаевди жүздөгөн шакирттери, жакын ага-тууган, атургай жакшылыгын көрүшкөн көңүлдөштөрүнөн өйдө тактыдан көчүгү кылтыяр замат сатып, дароо суу куюп келишкен. Булардан айырмаланып белгилүү саясый ишмер, экс-министр Бекболот Талгарбеков ушул күндөргө чейин турмуштун, саясаттын ар кандай оош-кыйыштарында улуу устатын сатпай, туруктуулуктун, а эң негизгиси, анык жигитчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтүп келгени бар. Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсүнө кыйын күндөрдө арка-бел болуп, алапайын таппай жаткан учурларда жалгыз Талгарбеков аларды башынан жөлөп-таяп, моралдык колдоо көрсөткөнүн Акаевдин үй-бүлөсү танбаса керек. Тагдырдын оош-кыйышын карабайсыңарбы, ушул күндөрү абакта жаткан шакирти үчүн акаевдер адилеттүү сөзүн айтууга даабай, буйдалап турушат. Бекболот мырзанын бекемдиги үчүн устатынын ооз учунан айткан пикири да дем болбойт беле? Албетте, тамагын киргизип, материалдык жактан колдоосун көрсөтсө көрсөткөндүр. А бирок, күнүмдүк каражатка караганда тарых алдында адилеттүү пикирин айтканга дааса, ошол олжо болот эле го? Же курган киши карылыктын сымбатына алдырган сайын акылга келбей жатканбы?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ