Буга чейин “Республика” партиясы аркылуу Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болуп келип, кийин бөлүнүп кеткен Канат Исаев менен Өмүрбек Бабановдун жакын арада бириккен коалициялык көпчүлүктө чогуу болоору көпчүлүктү таң калтырууда. Себеби бири-биринен үч көчкөн журттай көңүлү калган, бири-бирин көрөйүн деген көзү, угайын деген кулагы жок, баскан-турган жеринде азууларын “шакылдатып” турушчу. Анткени экөөндө тең ай чапчыган амбиция, келечектеги президент болобуз деген дымактар күчүндө болчу. Андыктан эми жаңы өкмөттү түзүүдө ушул экөө таасир талашып отуруп убакытты созуп, КСДПнын куйкасын куруштурбаса эле болду. Ай таң, эки эрен бүгүн бириккен күнү деле алыска узабай чабышып таркайт го? Өмүке канчалык “алдооч баштыгын” ала жүргөнү менен Канаттай көк, өжөр саясатчы турганда башын аттап алдыга чыгып кетиш өтө эле оор болот да…
Ошентсе да акыйкаттык үчүн коалицияны таркатып Өмүрбек Бабанов максатына жеткенин, эми ал кийинки жылы өкмөт башчы болууга чоң саясий шанс алганын, бир жыл ичинде баарын бал тилге салып, ар кандай айла-амалдар менен өзүнө бураарын айтып койгонубуз оң…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ