2016-жылдын октябрь айынын аягында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн жашоочулары тарабынан “Биз экстремизм жана терроризмге каршыбыз” аталышындагы “Коопсуз ордо” жөө жүрүш акциясы болуп өттү. Бул боюнча Шарк айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Рахимжан ажы Нишанов кабарлады. Анын маалыматына ылайык жөө жүрүш жаштардын экстремизм, терроризм жана терс көрнүштөргө кириптер болуусунун алдын алуу, жаштарга туура жолду түшүндүрүү максатында уюштурулган. Жөө жүрүшкө Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Жолдошов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары, диний кызматкерлер, мугалимдер, врачтар, окуучулар жана жергиликтүү тургундардан куралган жалпысы 2000ден ашуун жарандар катышышты. Жөө жүрүш акциясы жалпы 2 чакырымга созулуп, бардык жүрүшкө катышкандар экстремизм жана терроризмге каршы туруу боюнча лозунгдарды көтөрүү менен калктуу конуштардагы көчөлөрдү кыдырып, элди бейпил жашоого, ынтымак менен достукка үндөгөн чакырыктарды ташташты.
Эскерте кетсек, мындай жөө жүрүш өткөн жылы Кара-Суу районунун борборунда да өткөрүлгөн болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ