Menu

Скотт Лайвли, профессор: «ЛГБТ бийликке отуруп алды»

Бөлүшүү:

Акыркы он жылдыкта жашоо агым адам тааныгыс, адамдык сапатка төп келбеген дегеле адамдык улуу баалуулуктардан алыстатып, чектетип жашоо нугун такыр башка нукка бурган күчтөр пайда болгондой. Бул эмне? Адамдын акыл оюнун акыркы жеткен чегиби же жөн гана алсыздыкпы? Же адамдык асыл сапаттарды ээлеген ааламдын бүткөнүбү? Айтор үрөй учурган окуялар дүйнөнү каптап акыры алакандай мамлекетибизге дагы кол салгандай. Кана Кыргыздын улуу күчү? Кана кыргыздын намысы деген суроолор туулат.

Дүйнөнүн глобалдуу проблемасынын бирине айланган бул салттык эмес жашоо сүрүү негизи эле дүйнөнүн жок болуп кетишине алып келүү коркунучу. Кыргыз улутуна бул жат көрүнүш. Тилекке каршы батыштын акылга сыйбаган салтсыз салты акырындык менен биздин өлкөдө күчүн топтоп келаткандай. Биз ким элек? Ким болуп калдык деген дагы бир суроо туулат.

Жакында борбордо «Дени сак үй-бүлө менен экстремизмге каршы туруу» деген аталышта эл аралык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга «үй-бүлө баалуулуктарын коргоо» эл аралык уюмунун президенти, белгилүү жазуучу, юридика илимдеринин доктору, профессор Скотт Лайвли катышты. Скотт Лайвли он жылдан ашуун ушул маселени түп тамырынан изилдеп ага каршы турган инсан. Биз редакция жамааты конференцияга катышпасак дагы профессор менен жолугуп тиешелүү суроолорго жооп алдык.

«ЛГБТ-азыркы замандын трагедиясы. Бул бүтүндөй адам баласынын баалуулугуна коркунуч туудурган оору. Мен өзүм христиан болсом дагы мусулман өлкөлөрүндө акырындык менен өз кучагын жайып келе жаткан бул коркунучка биргеликте каршы турамын жана бардыгыңыздарды бул оору менен күрөшүүгө чакырамын. Мен үй-бүлөнү коргоп калууга чакырамын. Тилекке каршы, Америка, Европада бул көрүнүш тамырын кеңири жайып бийликке дагы отуруп алган. Кыргызстан элин ЛГБТ коомуна сабырдуу мамиле кылып, мыйзам түрүндө укук бербөөгө жана ошондой эле кайдыгер карабашына чакырат элем» деди профессор өз сөзүндө.

– Скотт мырза эмне себептен бул маселени көтөрүп Кыргызстанга келдиңиз?

– Мен бул жааттагы маселелерди козгоп, адам укугун коргоп 80ден ашык мамлекетти кыдырып чыктым жана кыдыра берем. Кыргызстанга биринчи жолку сапарым. Эң биринчи айтсам, мага Кыргызстан абдан жакты. Өзгөчө менталитети, каада-салты, жаратылышы, адамдардагы болгон сылык мамиле жана эң негизгиси үй-бүлөлүк баалуулуктарды туу туткан эл катары, ченебеген сулуулугу менен курчалган жер катары тааныдым. Билесиздер технологиянын өнүгүшү менен маалыматтык согуш дагы өз күчүн алып барып жатат. Анын сыңары Батыштын зыяны бул жакта алакандай мамлекетке залакасын тийгизбей койбойт. Бул маселени козгоп атайы конференция уюшулуп жатканынын себеби дагы бар. Демек, бул маселе Кыргызстанда дагы бар экен. Бирок күч алып, өз мыйзамын орното электе алдын алуу керектигин айтууну туура көрүп колумдан келген жардамымды аябасымды билдирдим. Мен үчүн адамдык, үй-бүлөлүк улуу салттар, асыл сапаттар биринчи орунда турат. Ал эми ЛГБТ бул коомдо ирээнжиликти пайда кылат, психология жактан адамды айбанга айлантат. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Муну менен катуу күрөшүү керек. Мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу керек.

– Европада, Америка коомчулугунда буга каршы күрөшүү кандай? Жыйынтык барбы?

– Тилекке каршы, ушул тапта күрөшө албайсың. Күчүн топтоп, тамырын кеңири жайып бийликке отуруп алды. Мисалы, бийликте белгилүү саясатчылар, коомго кандайдыр бир таасирин тийгизе турган аты чыккан адамдар алардын ичинде дүйнөгө атагы чыккан жылдыздар, спорт оюнчулары бар. Буга каршы күч жок болуп баратат. Себеби, өзүлөрүнө тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып алган. Ага каршы жүрө албайсың. Каршы болгон күндө дагы катуу жаза аласың жана жооп беришиң керек. Эркек эркекке үйлөнүп, аял аялга үйлөнүп, адам жаныбар менен турмуш куруп, кээ бири өзү менен өзү нике кыйып, кызы атасына, энеси баласына турмушка чыгып, эркек аялга, аял эркекке айланып маңкурт болуп атышат. Ушундай адам жаратылышына туура келбеген тетири жашоону пропагандалоо бул кандай гана пастык. Бул акылга сыйбаган нерсе. Бул жашоо эмес жана алар дени сак коом эмес. Булар оорукчандар деп айта аламын.

– Ошол аял менен аял, эркек менен эркек курган үй-бүлөдө дагы балдарды тарбиялоо болуп жатпайбы. Алар дагы өзүлөрүнө ыңгайлуу жашоого үйрөтүшөт да…

– Ооба, эң коркунучтуу нерсе ушул. Биз экөөнө каршы туруп жатсак, ал экөө үйүндө дагы бешөөнү ошондой нукта тарбиялап жатат. Сыртта идеалдуу көрүнгөнү менен үй ичинде эмне болуп жатканын биз билбейбиз да, туурабы. Эшигин тээп кирүүгө укугубуз жок. Ал бешөө чыгып дагы өзүнө окшоп жыйырманы тарбиялайт. Ошентип акырындык менен өз жашоосун пропагандалап коомго жайып жатышат. Өз талабына ылайык түнкү клубдарды ачышып, ар кандай иш-чараларды уюштурушат. Ал нерсени даңктап ар кандай массалык каражаттар менен жайылтышат. Аны жалтыраган түстөр менен көрсөтүшөт, азгырышат. Мына, маалыматтык согуш ошол. Азыр интернеттин заманы. Бешиктен бели чыга элек балдар интернет эмне экенин билет. Алар ал жерден жакшы нерсени үйрөнүшпөйт. Жашоо деген ушул экен дейт, калыптанып келе жаткан баланын аң-сезими бузулат. Ошентип оорукчан коом түзүлүп жатпайбы. Бул кооптуу маселе.

– Эгерде Европа, Америкада бул маселе бийликте отурса демек каршы чыгууга эч кандай жол жокпу?

– Албетте бар. Бирок аларга каршы сүйлөгөн, каршы чыккандын баары жазаланып жатпайбы тилекке каршы. Күч аз. Буга жапырт киришип, мыйзамдан четтетип катуу чара көргөндө гана тыйылат. Бирок тыйылып кайра коом аң-сезимине кайрылып келгенче 20-30 жыл керектелет. Каршы мыйзам чыгарып ошону катуу кармаш керек, ал үчүн ансыз бул маселе чечилбейт. Аларды зомбулук менен токтото албайсың.

– Мындай адам баласынын жашоосуна каршы көрүнүштүн күч алып кетишине ким күнөөлүү?

– Албетте адам өзү жана тарбиясы ошону алдын ала албай коомду маңкуртка айланткан бийликте күнөө. Мага окшогон адамдар көп каршы чыккан. Аларды тескерисинче жаман, коомго келесоо көрсөтүшүп жатпайбы. Анан дагы бири акыркы он жылда күч алып кеткен өкмөттүк эмес уюмдарда. Адам укугун коргойбуз деп такыр башка нукка буруп салышты. Мындай мыйзам менен адам укугу корголбойт тескерисинче кордолуп жатпайбы. Мен ишенем кыргыз эли өтө күчтүү, баатыр, анан намыскөй калк. Мындай көрүнүштүн күч алып кетишине жол бербейт деп ишенемин. Бул жеке гана кыргызга тиешелүү проблема эмес бул бүтүндөй адамзаттын трагедиясы. Улут катары, анан адам катары жоголуп кетүү кандай жаман. Ар бир үй-бүлө бул нерсеге каршы турушу керек, ар бир ата-эне бул нерсе менен күрөшүшү керек. Балдарга, өсүп келе жаткан келечек жаштарына татыктуу мамиле берүүсү керек. Ошондо гана бул маселени түп тамырынан жок кылса болот. Башка жолу жок.

Кыргызстанда бул маселе жаралып жатса анда чындыгында акырындык менен бул чума өз тамырын жайылтып келе жаткан экен да. Анда тың чыккан укук коргоочулар, бийлик адамдары бул маселенин жаралышына шарт түзүп коюп эмне кылып жүрүшөт деген ой келди мага. Аттиң дедим ичимден. Тээ кабылан Манас бабам сактаган улуу айкөлдүк анда кайда, баатырдык кайда? Кан Манастын тукуму баатырдан катынга айланса анда кыргыздын жок болгону экен да. Анда кантип жердин үстүндө басып өзүмдү кыргыз деймин! Чиркин, жашоо кандай гана коркунучтуу болуп баратат. Ойлонсоң ойго, уктасаң түшкө кирбеген, чындыгында акылга сыйбаган сасык салттар, каапыр салттар ааламды алтыга бөлүп жатканы кандай гана өкүнүчтүү…  Айланайындар, ойгонуп бир ойлонгулачы дегим келет!

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: