Menu

Беш акылманга ак тилек…

Бөлүшүү:

Урматтуу адабийат тармагындагы акылмандар!
Биринчиден, Кудай акы, мен силерге эмес, силер мага Айтматовдун атын жамынып алып, “Унаис” аттуу китепти окубай туруп, көлөкөсүнө тон бычып, жабыла жамандап, каралаганыңар анык. Агерде силер ошол китепти окубастан, ушак-айыңдын негизинде атайылап мени каралабасыңар, анда силерге жооп кайтарбайт элем. Анткени ал китептин 194 бетинде: “Тем не менее, остановимся на личности самого Айтматова, как писателя новатора, мыслителя-философа, и, в какой-то мере, безусловно, фантаста размышления которого, тесно перекликаются с реалиями жизни, как на земле, так и в космосе. Без преувеличения, надо отметить, что вершиной его творчества, как выдающегося мислителя, философа ХХ столетия Чингиза Айтматова, проявилось именно в произведении “Тавро Кассандры”. В целом, дар провидца, своего рода, пророка своего времени ярко прорисовываются в его последних творениях. Айтматов, опережая время, многие вещи предвидел далеко вперед. Он и свой земной закат предвидел. Чему свидетельство его последний недописанный, недосказанный до конца роман “Когда падают горы”. Ибо Айтматов сам был не глыбой, а величественной Горой! (“Унаис” стр. 196)
Стонало и разрывалось сердце писателя. Когда, миром правит не разум, а алчность. Когда, любое достижение цивилизации работает не во благо человека, а наоборот, на уничтожение человечества. Когда, над умом довлеет алчность. Неистребимая алчность, набирающая мощь. Ради чего растлевается душа, духовность. Когда, над духовным началом побеждает материальное сиюминутное благо, уничтожающее на корню нравственное начало. Когда, мораль растоптана развратом низменного инстинкта. Когда, извечные природные узы и истоки сосуществование Матери Земли и его обитателей разорваны. Айтматов, как и все великие личности, был глубоко одинок. Именно духовное одиночество, духовная обособленность присущи творческим личностям. В этом их успех. В этом кроется сила таланта. Такая Личность, как Айтматов, через себя пропускают временное пространство. Объединяя Прошлое, Настоящее, Будущее. Через их восприятие оживают пласты времен. А вместе с ними живут и герои тех времен.Надо отметить, что в сохранении здоровья и работоспособности Айтматова, неоценимая заслуга его супруги Мариям Урматовны Айтматовой. Она лелеяла его, как младенца, создавая ему все условия для творчества, оберегая от многих непрошенных и назойливых любителей пообщаться с писателем”. (“Унаис” стр. 196).
Кадырлуу Беш акылман! “Айтматовдун кабинетинде, анын жаткан төшөгүндө мен дагы үйүндө кеч калып, толкунданып уктабай, таң атыргам эле” деп өзүнө-өзү кумарланып, сандан-санга даңазалап жазган, Айтматовдун көлөкөсү менен академик болгон Абдылдажан Акматалиев баш болуп, жогорудагыдай ойду, сынды, мага чейин жаздыңар беле, мага асылган Беш акылман?
Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов жердеши Анарбек Усупбаевдын колдоосун, сый-урматын жакшы эле көргөнүнө карабай, ал дагы ушак-айыңдарга ишенип, төкмө акын Абдылда Нуралиев айткандай “тузуңду таткан кээ бирлер, гезитке жазып жамандайт” дегендей, Өмүрканов да “Чыңгыз абабыздын … эл аралык деңгээлдеги абройуна көлөкө түшүрө турган чыгармага жол бербей, автор жана буюртмачылар менен бетме-бет сүйлөшүүбүз керек. Бул атайын сырткы күчтөрдүн иштелип чыккан багыттуу программасынын алкагында жазылып жаткандыгы чын болсо, эртең кеч болуп калат. Ар ким эле Айтматовду “плагиат”, “моралдык жактан бузулган…”, “улуттун ар-намысына шек келтирүүчү” деп асылып, калың китептерди кимдир бирөөлөрдүн каражаттарына чыгара бергенге эч жол бербешибиз керек…” дейт атырыла алкынып. Карагылачы, кара кылды как жарган, окурман…
Анатай акындын божомолдогон ойжоромолун талдайлык. Бир дагы далилдүү сөз жок. Кайсы чыгармада, “кайсы сырткы күчтөрдүн буюртма программасынын алкагында” ток этээр даректүү, данектүү сөз жок. Туурабы, тууганчылыкка тартпаган, туугандар?
Анткени ал окубаган “Унаис” китепте “плагиат”, “моралдык жактан бузулган”, “улуттун ар-намысына шек келтирүүчү” деген бир дагы сөз жок. Чаламандын чак түшүндө микроскоп менен карасаңар да табылбайт… Ага карабай, дал ушундай сөздөрдү “Литературная газетага” Бондаренко деген москвалык адабийатчы Чыңгыздын чыгармалары жана пенделиги жөнүндө жазбады беле? Аны Нуралы Капаров которуп, “Кыргызстан маданияты” гезитине төрт бет кылып чыгарбады беле? Ал кезде азыркы акылсынган Беш акылман кайда жүрдүңөр эле? А балким, анда Беш акылман Чыңгыздын “Кассандра тамгасындагы” каарманы монах Филофейге окшоп, ааламдарды аралап Космосто жүрдүңөр беле?
Урматтуу Анатай ага! Сиз мага карата айткан сөздөрдүн биринде де чындыктын чыйыры жок.Туурабы? Агерде анык акын болсоңуз, акындын асылдыгы эмнеде экенин жакшы билесиз. Акын, Ааламзат менен Адамзаттын ортосундагы Адилет, Акыйкаттын көпүрөсү! Аруу чайган ак Асабасы! Азыркы арсыз, амалы, арамзалыгы ашынган абийирсиз ачкөз заманда, ичкүйдү, ичитарлыктан да миң эсе жаман, көр дагы жийиркенип албаган көр-ал-бас-тык-тын айынан, уйушкан чагымчы чөөлөрдүн чырмаган чынжырынан канчалаган ардуу асыл адамдар уйушулган чөөлөргө туруштук бералбай түбү өлүккө аттанып жатышат. Ошондойбу, Беш акылман?
Өткөн кылымдын 1937-1938 жылдарындагы репрессия күч алган кездеги кара туман кайрадан каптагандай жышаан жалмаңдайт. Беш акылман, өзгөчө силердин эч далили жок, ойдон чыгарылып, атайылап “жайсанчылар” деген былгытма сөздү жаратып, “калмак, кыргыз” деп элди бөлүп жарып жатканыңар буга ачык-айкын далил эмеспи. Өткөн кылымдын орто ченинде Манаска асылгандар накта силерге окшогон чагымчылардын айынан дастан Манасты колдогондор куугунтукка алынып, жок болушкан эмеспи. Же болбосо, жалганбы, акылсынган Беш акылман? Ал эми…
Ал эми, силер дагы, куду репрессия жылдарындагы ыпылас, ырайымсыз ыкманы колдонуп, иштин чоо-жайын аныктап билбестен, чалагайым чалгынчы чабандестердин (өзүн гений акынмын деп сезген төкөр катындын тилине кирип алып) чала чарпыт чампалап, чаңгыткан чайкамасына ишенип алып, “Тегерек үстөлдө” жок душманды жаратып, чымынды төөгө эмес тоого айлантып, мени жана маркумду үстөккө-босток каралайсыңар, жоругуңар жолдо калгырлар. Же болбосо, андай эмеспи, Беш акылман? Айтматов асмандап, эл-жери менен иши жок, төө куш өңдөнүп башын Батышта катып жүргөндө, Айтматовдун пенделик жана жазмакерлик кемчиликтерин айрымдар таамай-таасин тайманбай жазганда, анда силер кайсы кыштоодо койлорго жем-чөп, туз чачып жүрдүңөр эле? Же болбосо…
Же болбосо, Айтматовдун дагы бир жердеши Жаныбек Жанызак өзүнүн “Каттамасында” “Айтматовдун айымдарын” жазганда, анда силер кайсы кокту-колоттордо көңүл ачып жүрдүңөр эле? Айтматовдун, болгону төрт эле – Керез, Бүбүсара, Таттыбүбү, азыркы жубайы Мария Урматовнаны, чоң сволуч Жанызак жазган кезде, силер кайда элеңер? “Айтматов моралдык террорист” деп Жанызактын жазып, колун койгон баракчасы азыр да колумда турат. Көрсө…
Көрсө, Айтматов жашаган кабаттуу үйдө Бүбүсара Бейшеналиева да жашаганы анык да. Эки айалдын ортосунда Айтматов жашаганы чын да. Балким ушул жагдайды эске алып, “Жашоодо баарынан да эң кыйын иш, күнүнө адам бойдон калуу…” деп бекеринен жазбагандыр улук жазуучу Айтматов. Же андай эмеспи, Беш акылман? Башка өңүттөн алганда, гений жазуучуга төрт айым эмес, төрт жүз айымга ашык болсо да жарашмак… Агерде, айалдардын жандүйнө, жүрөктөрүн жабыркатпай, жашыруун жабык жашаганда. Александр Пушкиндин 370 көңүлдөшү болгонун анын өмүр байанын изилдегендер жазып чыгышкан. Генийлер, генийлик кемчиликтери менен гений да.
Урматтуу Беш акылман! Орус элинин бир учкул макалында: “Причем директор бани, когда пожарная горит” – “Мончонун мүдүрүндө не айып, өрт өчүргүчтөр өздөрү өрттөнүп жатса” дегендей, айып кимде? Бирөөнү каралайбыз десеңер, алдын ала чоо-жайын билип, көзүңөр жеткенден кийин анан асылбайсыңарбы? Агерде өчүңөр болсо, туурабы? Силерди дүрбөтүп, кол чогулткан төкөр катындын деңгээли анын жазгандарында көрүнүп турат. Өзүн укмуштуу сынчымын деп ойлоп жаткан катын, сынга алган адамдын ысмын китептен көчүрүп туура жазалбай тамтырайт Уруниса эмес Үрүниса Маматова. Бирде туруп – Арыпбеков, Арыпбек, Арып, Арып Бек деп чалды-куйду, ойкелди каалагандай калчайт, “Унаис” китепти “Кара китеп” деп, өзүн жазалоочу, сот катары билип. Дагы бир профессор исламчыл аалымдын Алахан Садыктын азан чакырган анык ата-теги ким деги? Алаканбы же Алаханбы? “К” же “Х” тамгасыбы? Же Садык Алакан менен Садык Алахан эки башка адамбы? Анча болду өзүн АллаХан деп эле бир багыттуу куйтууланбай атап албайбы? Ошондо мен ат-заттарын тактап сотко бергенге жеңилдик болот эле КР Кыргыз кодексинин 128-беренесинин негизинде.
Ал эми дагы бир жазмакер КР жазуучулар союзунун мүчөсүмүн деген Жумабек Токтогазиев “Унаис” китебинин бетинде, капталында, ар бир бетинде Мелис Арып-Бек деп жазылганына карабай, Арип-Бек деп улам-улам кайталап, “Ы” тамга менен “И” тамганын айырмасын билбей туруп, кыйынсынып мага арылдап-аркырайт. Баса, мени “саатчы, ал деген өтүкчү деген эле эптеп жанбагар кесип. Аны дагы жакшы билбестен, Чаекте иштеп жүргөн кезинде далай жолу оозу-мурду канжалаган” дейт, Жубарымбек эмес Жумабек жазмакер, кырк жылы мурун, ошол учурда арачы болгондон бешбетер. Жумабек мырза, ошол сен поктогон Мелис Арып-Бек, ал кезде Фрунзеде жаш саатчылардын сынагына катышып, Кыргызстан бойунча, эң алдыңкы мыкты саатчы катары таанылып, телевидениеден жаңылыктарда көрсөтүлгөн 1973-жылы. Ал эми анчалык эле менин тажрыйбама, таржымалыма кызыксаң, анда азыркы Санкт Петербург шаарынын Невский проспектинде жайгашкан анткварная саат оңдоочу жайда, болгондо да эң татаал, илгерки XVII-XIX кылымдарда жасалган сааттарды оңдочумун. Өтө тажрыйбалуу бир жөөт карыя: “Мелис, а где вы так научились все виды часов чинить?” дегенде, “А какая разница для чукчи, что ему дают он подряд и лепит” десем, анда, жанымда олтурган Василий Васильевич Васильев деген тажрыйбалуу саатчы: “Да, таких пару чукчи и нам евреям делать будет нечего…” деген баасы, ушул күндө да мага зор дем берет. Жумабек мырза, ишенбесең мага үйгө кел, эмгек китепчемди көрсөтөйүн. Анатолий Собчак, Галина Старовойтова, Марина Салье, Андрей Сахаров, Владимир Путин, Владимир Чуров сыйактуу сайасатчылар менен бирге катарлаш да сапарлаш иштегендеримди далилдеп берейин. Атүгүл Лениндин чоң атасы Улан дагы кыргыз экенин көзүңө сайып көрсөтүп берейин… Эмесе…
Эмесе, урматтуу мага асылган акылмандар! Силер мени жамандап, каралап, соттоп, ар кандай жарлыктарды жакшы эле жарыйалап, тактыңар. А бир ак, бир дагы ток этээр далилиңер жок, мен атайылап Айтматовду каралаганым жөнүндө. Болгону, мен Айтматовдун айрым чыгармаларындагы кыргыз калкынын абройуна, келечегине шек келтирген, атүгүл басынткан терс каармандары тууралуу гана бир аз кеп козгогом. Айтматовдун алп жазуучулук даража-дарамет деңгээлине тийишкен жокмун. Андыктан…
Андыктан, “Причем тут директор бани, когда пожарная горит”. Анын сыңарындай, причем тут Мелис Арып-Бек уулу, когда Беш акылман на ровном месте, вокруг меня специально клевещут и раздувают чудовищные сплетни, злорадствуя целенаправленно зловещат. Разве это пристойное поведение кыргызским эл акыны, эл жазуучусу, илимпоз-илимооздоруна? Урматтуу алп акын, акылмандар, илимпоздор, силер жөнүндө журналисттик иликтөөмүн “ийгилигин”, Теңирим буйруса, интернет булактарынан жайма-жай окуйсуздар…

Мелис АРЫП-БЕК,
эркин, көз карандысыз
журналист, публицист

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: