Menu

Ажырашууга аялдар себепкерби?..

Бөлүшүү:

Үй-бүлө куруу жөнөкөй иш эмес. Ал үчүн психологиялык даярдык жана чоң жоопкерчилик талап кылынат. Ошону менен бирге үй-бүлө кургандан кийин анын өзүнүн жазылбаган мыйзамдарын сактоо талап кылынат. Болбосо бир күндө курулган үй-бүлө бир көз ирмемде урап калышы мүмкүн. Ажырашуунун негизги өзөгүн көбүнчө аялдардын катачылыгы түзөт экендигин психологдор айтып келишет. Чынында эле ушундайбы же жокпу ал ар кимдин өз чечиминде. А азыр болсо биз ажырашууга негиз түзгөн айымдардагы айрым катачылыктарга токтолуп кетели.

  1. Аял затынын өтө ачыктыгы эркектерди өзүнөн качырат. Ошол себептен, турмушка чыккан кыздар жолдошуна өткөн жашоосун айта бербеши керек. Башкача айтканда, өмүрлүк жолдошуна чейин канча жигити болгонун, биринчи сүйүүсүн кимге арнаганын, аны дагы деле унута албай жүргөнүн, кандай белек алганын, чет өлкөлүк бирөөгө турмушка чыгууга камынганын дагы ушул сыяктуу майда нерселерди кайра – кайра кайталап айтуу эркектин кыжырын келтирип, сизге болгон сыйлоосун жоготот. Анткени эч бир эркек экинчи болгусу келбейт. Эгер түгөйүңүз мурункуңуз туурасында сурап калса кыска гана айтып коюу жетиштүү.
  1. Аял заты эркек үчүн дайыма чечилбеген табышмак болушу керек. Ошондо алар аялдардын жанынан чыкпайт. Бардык сырыңды төгүп салсаң эркектин сага болгон кызыгуусу жоголот. Бирок эч качан калп эле табышмактуу болбоңуз. Табышмактуу көрүнөм деп кайдагы жок нерселерди ойлоп таап, жолдошуңузду иренжитип алуудан сак болуңуз.
  2. Аял затындагы дагы бир чоң катачылык: атайылап жолдошунун кызганыч сезимин ойготуу болуп саналат. Тааныштар менен жолукканда же кечелерге барганда түгөйүм мени кызгансын деген ой менен ал жердеги эркектерге көз кысып же эзиле сүйлөшүп, жабыша бийлей коем деп жөн жерден чатак чыгарып албаңыз. Жолдошуңуз сиздин кызганбай эле, сиздин баскан-турганыңызга ачуусу келип урушуп жатканын эсиңизден чыгарбаңыз. Бул сиздин жолдошуңузду көзгө илбегендик болуп саналат. Эгер түгөйүңүздөн эртерээк кутулууну каалап жатсаңыз, анда алдыга. Анын көзүнчө башка эркектерге көз кысып тийише бериңиз.
  3. Эч качан өз оюңузду таңуулабаңыз. Ар бир адамдын көз карашы бар. Анын да пикирин угуп, көз карашын сыйлаңыз. Эркектерге канчалык эркиндик берсең, ошончолук ишеним бекем болот. Ошол үчүн түгөйүңүзгө эркиндик бериңиз. Ар бир кадамын санап, такып сурай бербеңиз. Майдачыл аялдарды эркектер жек көрөт. Эркек канчалык эркин болсо, ал аялын ошончолук сыйлайт. Анткени аялынын ага болгон ишеними баарынан бийик турат.
  4. Кызганыч. Жөнү жок эле кызгана берүү эркектин үйдөн качышынын башкы себеби. Билип-билбей эле кызганып, ал үчүн чатак чыгара берүү чындап үй-бүлөнүн урашына алып келет. Ооба, кызгануу да керек. Чеги менен. Эгер чындап эле кызгана турган жагдай түзүлсө, жөн гана сизге жакпагандыгын айтып коюңуз. Аялдар канчалык эркектин изине түшсө, эркектер ошончолук үйдөн качаарын эстен чыгарбаңыз. Кээде жөнү жок кызганыч эркектерди чындап эле ала жипти аттоого түрөт.
  5. Калп. Бул эң башкы себеп. Сиз түгөйүңүзгө, ал сизге ишениши керек. Тиричилик шартта бири-бириңиздерден сыр жашырбай, маселени ортого салып чечүү зарыл. Эч качан жолдошуңузду алдабаңыз. Бир нерселерди ага айтпай жасап, жаап-жашырам деп жатып чоң катачылык кетирип албаңыз. «Шибегени капка ката албайсың» дегендей, калпыңыз бир күнү болбосо бир күнү калкып чыгат. Андан кийин эч качан анын ишенимине ээ боло албайсыз. Мунун аягы ажырашууга алып келет.
  6. Кемсинтүү. Эркектер кемсинтүүгө такыр чыдабайт. Аялынын кыйын болуп анын кемчиликтерин айтып отурганы эркектердин кыжырын кайнатат. Катасы болсо, жай жумшак сөз менен айтуу керек. Өзгөчө досторунун жанында эркектердин кемчиликтерин баса көрсөтүп, кемсинтүү туура эмес.
  7. Ала жипти аттоо. Мындай кадамга барган аял менен алсыз эркек гана жашабаса, өзүн эркекмин деп эсептеген бир дагы мырза жашабайт. Бул ажырашуунун эң башкы себеби жана кечирилгис катачылык.
  8. Эч качан жакын досторуңузга, өзгөчө турмушка чыга элек курбуларга жолдошуңуз экөөңүздүн ортоңуздардагы мамилени айтпаңыз. Аял заты ар дайым көрө албас келет. Ал сиздин курбуңуз экендигине карабай сиздердин мамилени бузуп коюшу ыктымал.
  9. Карьера деп бала төрөп эне болууну экинчи орунга койбой, өз учурунда түгөйүңүзгө өзү күтүп жүргөн перзентти төрөп бериңиз. Үй-бүлөнү экинчи планга койгон аял затын да мырзалар жактыра бербейт. Ар ким өз ордун, кызматын билгени эле оң.
  10. Узун тил. Аял затынын тилинин кыска эле болгону оң. Узун тилдүү аялды эч ким сүйбөйт. Жумуштан чарчап келген жолдошунун кулак-мээсин жеп сагызгандай сайрап турган аялдан кандай гана эркек болбосун алыс болууну самайт. Анткени элдин баары тынчтыкты сүйөт. Дайыма эле уруш чыгарып жаңжал сала берсеңиз, жолдошуңуз бир күнү сиз менен ажырашууга аргасыз болот.
  11. Сый. Колдон келсе сылык болуп, анын жакындарын сыйлоого аракет кылуу керек. Өзгөчө жолдошуңуздун ата-энесине сый мамиле кылуу кажет. Чынында көп учурда кайын эне менен келиндин пикир келишпестигинен улам ажырашууга негиз болот. Андыктан алардын ар бир сөзүнө маани берип, эрегишип, кайым айтышып үйдө уруш-талаш жаратып жолдошуңуздун көңүлүн калтырып, акыры ажырашып тынбай, колдон келсе кайын энеңиз менен курбу болуп, аны өз тарабыңызга тартып алыңыз. Энесин сыйлаган аялды эркек да сыйлай алат. Анткени ар бир адам энесин баарынан бийик коет жана аны урматтаган адамдарды сыйлай билет.

Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: