Menu

Нарындагы ичимдик сатылбаган айылдар

Бөлүшүү:

Нарындын Кочкор районунун Бугучу айылы ичимдик сатылбаган “халал” айылга айланганына быйыл туура төрт жыл болду. Буга айыл элинин басымдуу бөлүгү дин эрежелери менен жашай баштагандыгы себеп болгон. Арак сатылбаган айылдын өзгөчөлүгүн төмөнкү макалада баяндамакчыбыз.

Бугучу айылында жалпысынан 200гө жакын түтүн эл жашайт. Элди керектүү нерселер менен камсыз кылган 5 дүкөн бар. Бирок бул дүкөндөрдүн биринен да каалаган керектүү буюмуңду тапсаң да ичимдиктин баардык түрүн (арак, шарап, сыра…) табууга мүмкүн эмес.

Айыл тургуну Жумаканов Амандык соодагерлерди ичимдик сатпоого мажбурлоо болбогонун айтат. Ал ичимдиктен башкасынан түшкөн киреше деле дүкөнчүлөрдү ыраазы кылып жатат деген ойдо.

– Арак сатылбагандын себеби элдин 60 пайызы 5 маал намазга жыгыла баштады. Арак саткандарды сатпа деп эч ким зордогон жок. Өтүмү түшүп кеткенден кийин өздөрдү да сатпай калды. Бир четинен ыйман кирген айылды бузбайын деген ниет да болгон чыгар. Мурун кадимкидей эле айыл болчу. Ичкен жерден ичип, чеккен жерден чегип эле жүрчүбүз. Кийинки кездерде дин жайылткан, исламдан сабаты барлардын эл аралап динге үгүттөөсү күч алды. Азыр деле үгүтөө жүрүп жатат. Бизге окшоп намаз окугандар үймө үй кыдырып үгүтөп турат. Молдолор Ислам дининин эрежелерин жайылтуу максатында күнүгө кечинде айыл аралашат. Ошондой эле дем алыш күндөрү убактысын көбүн динге үгүтөө менен өткөрүшөт.

Буга байланыштуу акыркы тапта Бугучу айылында той-топурдун көпчүлүгү халал өтүп калган. Башта чочулагансыган эл акырындап жаңы эрежеге көнө баштаган. Халал той бир эле жамандыктан алыс кылбастан акчаны да үнөмдөөгө үйрөтөт дешет айыл тургундары.

Анткен менен айыл ичинен ичимдик ичип, көңүл ачып, анда-санда чардап турган тургундар да жок эмес. “Бул жагы чер жазганга даяр шатыра-шатмандарды бир топ убарага салат. Майрам күндөрү көңүл көтөрүүгө дүкөнгө кирсе, агы да жок кызылы да жок. Акыр аягы айласы куруганда башка айылдарга өтүүгө туура келет” дейт дагы бир тургун.

– Эми ар кимдин тандоого укугу бар да туурабы. Дүкөндөрдө тура берсе каалагандар алат, каалабагандар албай коёт. Аларга жолтоо болгон жокко?! Үйгө бүрөө жарым келсе, айла жок ачыш керек. Сыйлуу конок болсо “Биздин айылда арак сатылбайт” деп койсоң уят болбойсуңбу. Андайда айла жок тээ төмөнкү айылдарга түшүп келебиз, – деди атын айтпаган тургун.

Бугучу айылында жакын айылдардын биринде ичимдиктин түрү сатылат. Бирок айылда 10 жылдан ашуун дүкөн иштетип келген Роза мындан 10 жыл илгериге салыштырмалуу азыр ичимдик ичкендер кадыресе азайганын айтат. Бирок ал арактын өтүмү түшкөнү менен сыраныкы көбөйдү – дейт.

– Азыркы жаштар такыр ичимдикти оозго албай калышты. Баары эле мечитке барып намаз окушат. Ичкендер мурдагы эле айылдын көнүп калган ичкичтери да. Союз мезгилинде ичип көнүп калгандар бүгүн да ичип жүрүшөт. Дүкөндү жаңы ачып иштеткенде эң көп арак өтчү. Арак жок болсо соода жүрбөй калмак. Азыр болсо күнүнө бир бөтөлкө өтөт, өтпөсө жок, – дейт Роза.

Нарын облусунда Бугучуга окшогон халал айылдардын бир нечесин учуратууга болот. Нарын казыятынын маалыматы боюнча облуста жалпысынан ондон ашуун айылда ичимдик сатылбайт. Алардын төртөө Кочкор районунда болсо, калганы Ат-Башы, Нарын райондорундагы айылдар. Кыргызстан мусулмандар аалымадар кеңешинин мүчөсү Эрик Молдокулов билдиришинче мындай демилгени айылдык жаштар көтөрүп чыгышкан. Ал ушул өңдүү айылдар бир эле Нарында эмес, өлкөбүздүн түштүк жергесинде кенен кулач алганын айтат.

– Нарын Казыяты тарабынан айылдык мечиттерде дин жөнүндө байма-бай баяндар айтылып турчу. Кийин ошол айылдын тургундары өздөрү көтөрүп чыгышты. Сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө алар 2 ай убакыт сурашты. Эки айдан соң сатуучулар ичимдик алып келгенди токтотту. Бул иш айыл өкмөт, айылдык депуттар менен кеңешилип кылынды, – дейт Эрик Молдокулов.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: