Жаңы коалиция КСДП, “Кыргызстан”, “Бир Бол” фракцияларынын ортосунда түзүлгөнү калды. “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” “Республика – Ата-Журт” оппозицияда калат. Оппозицияга тиешелүү болгон Бюджет жана финансы боюнча комитети, Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети, вице-спикерлик “Республика – Ата-Журт” фракциясына ыйгарыла турган болууда. Ал эми Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ордунда калып учурда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган Сапар Исаков Мухаммедкалый Абулгазиевдин ордунда биринчи вице-премьер-министр боло турганы айтылууда. Эксперттер болсо Сапар мырзаны жогорку тепкичке көтөрмөлөп, президенттикке даярдап жатат дешүүдө.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ