Menu

Прокурор: Черногориядагы төңкөрүш аракети артында орусиялык улутчулдар турган, алар премьер-министрди өлтүрүүгө аракеттенишкен

Бөлүшүү:

Мурдагы Югославиянын бул республикасында, жакындагы парламенттик шайлоо күнүндөгү төңкөрүш аракети артында “орусиялык улутчулдар” турганы 6-ноябрда расмий айтылды.

Черногориянын Башкы атайын прокурору Миливойе Катничтин билдирүүсүнө караганда, тергөө парламентке кол салуу жана Подгорица шаарында башаламандык уюштурууну пландаган кылмыштуу топту “Орусиядан келген улутчулдар” уюштурганын аныктады.

Прокурор белгилегендей, тергөөчүлөр бирок бул кутумга Орусия мамлекетинин тикелей тиешеси бардыгы боюнча эч кандай далил тапкан жок.

Черногорияда, 16-октябрдагы шайлоо күнү бул республиканын өзүнүн жана Сербиянын 20дай жараны камакка алынган. Арасында Сербиянын атайын полиция күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы да бар адамдар премьер- министр Мило Жукановчти кармап же өлтүрүп, ошондой эле парламент имаратына чабуул коюу менен төңкөрүш жасоого аракеттенишкен деп айыпталышкан.

Бул аралыкта, маалыматтарга караганда, Белграддагы бийликтер Орусиянын агенттери делген бир нече адамды депортациялаган. Алар Жукановичтин кыймыл –аракетине коңшу Сербиядан байкоо салып турушкан.

Кремль Черногориядагы окуяларга кандайдыр бир тиешеси бардыгын буга чейин четке каккан

Черногория бийликтери төңкөрүш аракетин өлкөнүн НАТОго кошулуу мүдөөсүнө байланыштырууда.

Премьер Жукановичтин өкмөтү НАТОго кошулуу протоколуна быйыл майда кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: