Menu

Дастан Бекешов: Бишкектиктер “Ата Мекенди” шайлоодо колдошпойт

Бөлүшүү:

Дастан Далабайевич, Иса Өмүркулов мурдагы коалициянын тарашынын негизги себеби катары фракциялардын позициялары келишпей калуусун айткан эле. Азыр коалицияга кимдердин кирээри белгилүү эле болуп калды. Эми ойлору бир чыга турган фракциялардан курула турган коалициядан эмени күтсөк болот?

Азырынча кандай өзгөрүүлөрдүн болорун айтуу бир аз кыйыныраак. Себеби биринчи кезекте курула турган коалициянын кандай принциптер менен иштей тургандыгын чечүү керек. Кийин дагы ич ара түшүнбөстүктөр болуп кетпөөсү үчүн алгач ушул нерсени жакшылап аныктап алуу зарыл. Ошондой эле, бир жылдан кийин президенттик шайлоо болоорун баарыбыз билебиз. Бул өлкөдөгү саясий абалга бир топ жаңылыктарды алып келиши мүмкүн. Менин оюмча, бул шайлоого карата ар бир фракция ич ара катуу даярданып жатса керек. Ошого байланыштуу, курула турган коалициядан эмнени күтүүгө болоорун айтуу оңой эмес. Себеби президенттик шайлоого карата ар кандай күтүүсүз нерселердин болуп кетүүсү толук ыктымал.

Жаңы коалициянын курууда соодалашуулар болуп жатат деген сөздөр айтылууда. Акыркы саясий окуяларга баам сала турган болсок, коалицияны куруу үчүн жүрүп жаткан ич ара сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык бербей жаткандай. Ушундай маанайда курулган коалиция кайрадан ыдырап кетиши мүмкүнбү?

Саясатта ар кандай нерселер болуп кетет. Азыр жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр оңунан чыгып, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн натыйжалуу жыйынтыктарды берет деген ойдомун. Бирок жогоруда айткандай, бир жылдан кийин көптөгөн өзгөрүүлөрдүн орун алуусу мүмкүн. Себеби келе жаткан президенттик шайлоо абдан маанилүү. Ошондуктан азыр андай же тигиндей болот деп алдын-ала пикир айтуудан алысмын. Саясий жагдайга байланыштуу кандай өзгөрүүлөрдүн болоорун баарыбыз ошол убакта көрөбүз го.

«Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары бийликке сын айтып, оппозиция тараптан орун алышты. Алардын катарына башка фракциялардын да кошулуп кетүүсү толук мүмкүн. Күчтүү оппозициялык блоктун пайда болуусу саясий абалды курчутпайбы?

Күчтүү оппозициянын пайда болгондугу өлкөбүз үчүн эле пайдалуу деген ойдомун. Оппозициянын катуу сын-пикирлерди айтып тургандыгы жакшы көрүнүш. Мындан кийин парламенттеги талкууларда мыйзамдарды киргизүүдө да каршы пикирдеги оппозициянын добушу көбүрөөк болот. Бул нерсе конституциялык мыйзамдарды талкууга алган учурда ар кандай жыйынтыктарды бериши мүмкүн. Себеби ал мыйзамдарды талкуудан өткөрүү үчүн сексен добуш керек. Мисалы, азыр КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир бол» арасында коалиция түзүлө турган болсо, алардын жалпы добушу сексенге жетпей калат. Бул нерсе бийлик менен оппозициянын мыйзамдарды кабыл алуу үчүн макулдашууга баруусуна өбөлгө болот.

«Ата Мекен» партиясы шаардык кеңешке катышпастыгын билдирип, мунун себебин партиянын талапкерлерине куугунтуктардын болуп кетүүсүнө шылтады. Чындыгында эле бийлик тарабынан оппозиция өкүлдөрүнө кысым болуп жатабы?

Бул маселе боюнча ачык эле айтып коюш керек. «Ата Мекен» абройлуу, саясатта өз орду бар партия. Бирок Бишкек шаарынын тургундары аталган партияны шайлоодо колдошпойт. Менин оюмча, партиянын өкүлдөрү шайлоодо жеткиликтүү добуш ала албай, жеңишке жетпей тургандыктарын билишет. Ошондуктан элге уят болуп, партиянын аброюн кетирбейли деген ой менен шайлоого катышуудан баш тартышты. Мисалы, бир жыл мурун парламенттик шайлоо болгон. Ал шайлоодон  «Ата Мекендин» канчалык добуш алгандыгын баарыбыз билебиз. Бул жолу да ошондой окуя кайталанып калуусунан коркушту го дейм.

Азат БЕКТУРГАНОВ

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: