Menu

Атамбаев: Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдынкы орунда

Бөлүшүү:

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда мамлекетти, адамдын өзүн маалыматсыз элестетүү мүмкүн эместиги, мүнөт сайын өзгөрүп жаткан дүйнөнү журналисттер кыймылдатып жатканы белгиленген.

Президент ошондой эле мындай шартта журналисттердин кесипкөйлүгүнөн коомдун күрөө тамыры көз каранды экендигин, коомдук пикирдин калыптануусуна журналисттер чоң салым кошуп жатканын айтат. Атамбаев Кыргызстан сөз эркиндиги жагынан Борбор Азиядагы алдыңкы өлкө экенин белгилеп, журналисттерди Кыргызстандын келечегине жоопкерчилигин унутпоого чакырган.

“Дүйнө, регион олку-солкулукка батып турганда Кыргызстанда тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасы ченемсиз өстү. Ошондуктан, журналисттер дайыма чындыктан, калыстыктан тайыбашы керек жана өз Мекенинин келечеги үчүн жоопкер экенин да эстен чыгарбоого тийиш. Анткени, бул баарыбыздын Мекенибиз”-деди президент.

7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: