Menu

Баткенде да мародёрлор бар!

Бөлүшүү:

Буга чейин Кара-Бак айыл өкмөтүнүн орун басары Закир Темиров жергиликтүү жарандардын сабатсыздыктыгын пайдаланып, мурун берилген менчик жерине жалган документ жасап, жерин тартып алып жатканын жөнүндө маалымат таркаган эле. Бирок, бул маалыматка бийлик төбөлдөрү маани бербей, кылмыштуу иштерге салкын көз салып, же атайын өзүлөрү көмөк көргөзүүдө.

Болбосо жергиликтүү админстрация жана күч органы маалыматка салкын көз салбай, тез аранын ичинде текшерип мыйзам ченемине ылайык бир позитивдүү иш жасамак. Тилекке каршы бир дагы иш кылышкан жок.

Бирөөнү зар какшатып жерин саткан айыл өкмөттүн орун басары, райондук жана областык архитектура, архиви дагы илешип, биргелешкен топко уюшуп алышып мародёрчулук кылып жатышканы өкүндүрөт. Мурун эле бул коррупциялык уюшулган топту жазып чыкканбыз, чара көрүлбөй, айла кеткенден кайра кайталого туура келет экен. Жерди бөлүштүрүү, документтештирүү сыяктуу жер маселесине байланышкан мекемелер соңку мезгилдерде чыны менен коррупциянын ордосуна айланды. Ал эми жер адистери жер тилкелеринин баасы жылдан жылга көтөрүлгөн сайын карапайым элдин менчик жерлерине да кол салуудан кайра тартпай калды. Булардын баары жалган документтерди, мөөрлөрдү жасоо жолу менен, жасалма кол коюп, бир эле жер тилкесине бир нече “кызыл китеп” жасап, бир нече адамдарга сатып, ага байланышкан чырлар Чубактын кунундай чубалган фактылар менен кездешип жатканына баарыбыз күбөбүз. Мындай көрүнүш мыйзам сакчыларынын – прокуратура, сот органдарынын кызматкерлеринин жемкорлугуна да жол ачып, жер адистери менен ортоктошуп, эчак эле акча жасаган инструментке айлангандыгы жашыруун эмес. Ушуга байланыштуу таң каларлык факты – мыйзамдуулукту сактоо менен адилеттүүлүктү жогору коюп иштөөгө тийиш болгон соттор дагы мыйзамдуулукту сактабай, адилеттүүлүктү көз көрүнөө тебелеп-тепсеп, кимиси биринчи болуп, акча бере салса, тиешелүү чечимди ошол тарапка чечип берүүнү көнүмүш адатка айландырышты. Күчкө, бийликке таянып, акчалуунун кебин сүйлөгөн соттордон түңүлүп, адилеттик таба албай кан какшаган карапайым адамдарды көргөндө зээн кейип, “мыйзам ченеми барбы?”- деген айласыз суроо туулат.

Бир мисал, Баткен районунун жер адистери жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алек болуп, асты пара менен кармалып жатса дагы, ишин соттон жаптыруу үчүн акча бере коюшуп, кылмыш жоопкерчиликтеринен кутулуп жатат. Жакында эле Баткен районунда жер адиси Таштанов Абдурасул жер адиси – Гафуров Джапардан 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган, сот Каримжанов И.Г. болгону жүз элүү сом айып салып камактан бошотот. Сот Каримжанов жөн эле бошотпогондугу көрүнүп турбайбы, болбосо мындай пара алып кармалган адам жүз элүү сом менен жаза алып чыгып кеткен дайыма кездеше бербейт. Жер адиси Таштанов А. жоопкерчиликтен кутулуп, азыр өчөшүп арыздангандардан өч алып жүргөн кези. Жоопкерчиликтен оңой кутулган адам кайра эле кылмышка барат турбайбы, бул жаратылыштын ченеми эмеспи. Айталы, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын тургуну Мурзаев Анаркулдун балдары Мурзаев Абдинаби жана Мурзаев Валинин даттануусуна көңүл бурсак, алар атасынын атына чыккан 2003-жылдын 22-мартында чыгарылган №342 токтомдун негизинде 2009-жылдын 23-декабрында №1090 сериясына катталган Ч. №134682 номурлуу “кызыл китебин” алышкан. Мурзаев Анаркул 2016-жылы дүйнөдөн кайтары менен менчик жерине кол салып, Маралиев Кубанычка бере салышкан. Кубаныч Маралиевге Баткен архитектурасынын кызматкери Закиров Абдыразак жерге тийиштүү документти жасап берген экен. Ал эми Закиров Абдыразактын айтымында, токтомду айыл өкмөтү берген. “Ошондуктан, биз документ жасап берген элек” – дейт Закиров Абдыразак. Айыл өкмөт С.Убаев “бул токтомду силердин колуңардан биринчи жолу көрүп отурам, бул менин колум эмес, жасалма кол турбайбы деп жооп узатты” – деп ийинин куушуруп. Көрсө, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын жардамчысы Темиров Закир жана Кызыл-Бел айылынын башчысы Рустамов Намаз жана Баткен архитектурасынын кызматкери Закиров Абдуразак болуп биргелешип, 2014-жылдын 14-декабрында № 0201 – 8100 сандуу жасалма токтом чыгарып жасалма документ жасап, көз боёмочулук кылышкан экен. Жалган документ жасап, жең ичинен колдон келет кылып Мурзаев Анаркулдун жерин Кызыл-Бел айылынын тургундарына Муралиев Б. М, Маралиева Д. Р, Маралиева Ж. Таштанов, Г.Кабылова жогоркуларга 200 миң сомдон сатып жиберген, сатып алучулар дагы сатып алганын танбайт. Бул кылмышты чоо жайын Баткен райондук прокуратурага арыз менен кайрылып далилдуу фактыларды бергенибизге карабай, прокурор Мирлан Калыбеков акчага какап калганбы, айтор арыз ээсин иттен чыгарып, арыз дыкат текшерилбей калды.

Баткен районунун акими Салихов Кеңеш арызды текшерип, токтомду “жасалма” деп тапканын 04.08.2016-жылкы каттагы жообунда айтат. Анда “айыл өкмөттүн китебинде, башка эч жерде да катталган эмес”- деп ачык айтып жатат. Айылдык кенеш депутаттары 20.09.2016-жылкы 39-сессиясында, айыл өкмөттүн милдетин аткарууч Темиров Закирдин кызмат ишин карап, олутту кемчиликти кетирген үчүн кызмат орунунан четтетү тууралуу акимчиликке кайрылуу жөнөткөн эле. Аким Салихов Кенеш Темиров Закирге колдоо көргөзүп кызматтан бошотпой жатканына тан калыштуу сыр бойдон калууда. Мамлекеттик кызматты аткарып жүрүп, көз боёмочулукка барган мамлекеттик уюшкан топко күч органы чара көрбөсө, мамлекетти коркунуч абалга алып келери бышык. Эң кызыгы айыл өкмөт башчысы С.Убаев, Баткен райондун акими Салихов Кеңеш жасалма документти көргөндөн кийин, тез аранын ичинде прокуратура билдирүү берген милдети эмеспи. Мындай учурда аким прокурордон талап кылып тез аранын ичинде текшертип, күнөөлүүлөрду мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керек болчу. Тилекке каршы, бул кылмыштуу иш тууралуу үн катпастан, “бул жалган документ экен” деген боюнча тынчып кала берген, көз боёмочулук эмеспи. Коррупция ушундай баш аламандыктан жаралат эмеспи. Мындай фактыдан кийин айыл өкмөт башчысы менен акимдин өз кызматын ээлеп турушканы мамлекетке абийир алып келбейт, дал ушундай жоопкерчиликсиз аткаминерлердин азабынан мамлекет кризиске кабылып, мыйзамсыз иштер болуп жатканына ким көзөмөл жүргүзөт? Карапайым калк адилет издеп, зар какшап кала берип жатканы бийликке абийир алып келеби? Дал ушул айыл өкмөттүн орун басары Темиров Закир өзүнө ишенген кол баласы Матраимов Тазабек (айыл өкмөттүн жооптуу секретары) бардык көмүскө иштерди жасашкан үчүн мыйзам алдында жооп береби? Же Темиров Закирге өнөктөш Кызыл-Бел айылынын башчысы Рустамов Намаз жана Баткен архитектурасынын кызматкери Закиров Абдуразак көмүскө акча тапкандын айынан, бир тууган айылдаштар ортосунда уруш -талаш болуп кетсе кантебиз? Коррупциялык топко областык архивдин жетекчиси Ахмедов Камал дагы илешип, балдары Мурзаевдерге “кол салабыз, эр болсоңор арызданып көргүлө” деп ачык эле коркутуп жатышканы эмнени белгилейт. Бул боюнча областык прокуратура Темиров Закир менен Матурайымов Тазабектин, айыл башчы Рустамов Намаздын жалган жасалган документтерин тастыктап. Кылмыш-жаза кодексинин 315-берене боюнча кылмыш иштери аныкташкан каты колубузда. Бирок тилекке каршы бул кылмыш иш кагазда гана калган боюнча турат. Кылмышка шектүү кызматкерлер жоопко тартылбастан тескерисинче кайра майлуу суттуу орунда элеп турат. Акча жасаган, мамлекеттин уюшулган экономикалык кылмыш топко ким чекит коё алат? Өкмөт башчысы Соронбай Жээнбеков “коррупция менен аёсуз күрөшөбүз” деп убада берген, үмүтүбүздү үзбөй туралы. КР Башкы прокуратура дагы көмүскөдө калбай текшерип, тастыктап берерине ишеним артып туралы.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: