Кадимки Нуржамал Байболова менен экс-депутат Рахатбек Ирсалиевди унута элексиңер да? Экөө тең учурда «битин сыгып, канын жалаган» белсемдүү бизнесмендерге айланышкан. Тээ ала жазда эки саясатчы Балыкчы шаарына жер-жемиш, мөмө-чөмөлөрдү сактаган логистикалык ЖЧК «Оберон» аталышындагы заңкайган борборду биргеликте куруп жатышкандыгын жазган элек. Германиядан алынып келинген мыкты сапаттагы жабдуулар менен жабдылган борборду эки саясатчы ушул күндөрү толук кандуу ишке киргизишип, бүтүндөй Ысык-Көл облусунун мөмө-жемиштерин алып, Россия, Белоруссияга дейре экспорттоону башташты. Азырынча баштаган иштеринин үзүрү жаман эместигин каармандарыбыздын кудуңдаган жүздөрүнөн эле билсе болот. Колдорунан келсе жумушчу орундарын түзүп, мамлекетке салыгын төлөп турса, ага удаа битиребей Балыкчы калаасынын тургундары үчүн да олжосунан бөлүшүп, бала бакча, мектептерди салып, белсемдүү иштерди кылып турганга эрктери жетээр бекен? Мамлекет салган далайлаган даяр турган бала бакчаларды да жеке менчиктеп сатып, бүлүндүрүп бүтүрүшпөдүбү кысталактар.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ