Menu

Жалал-Абадда ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү айлыгы жүрүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын аймагында ушул жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата “Адам укуктарынын жеткиликтүүлүгү” урааны астында жарыяланган бир айлык акция жүрүп жатат. Бул тууралу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бир айлыктын алкагында ВИЧ/СПИД оорусу боюнча элдерге түшүндүрүү иштерин алып баруу жана ага карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн шаардык мэриянын астында атайын 29 кишиден турган уюштуруу комитетинин курамы түзүлгөн.

Шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Гулина Базаркулованын айымында,  ВИЧ жугуштуу илдетинин алдын алуу боюнча ички иштер, билим берүү кызматкерлеринин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын мугалимдеринин билимдерин жогорулатуу боюнча окуу семинарлары өткөрүлүүдө.

“Аны менен катар мектеп окуучуларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында атайын кароо-сынактар да өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрдү 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүндө областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда сыйлоо аземи болот. Ошондой эле шаардагы Эркиндик аянтында жөө жүрүш өткөрүү да пландаштырылган”, – дейт Гулина Базаркулова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: