Menu

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин тең төрагалыгы алдында жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Эксперттик жумушчу топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, Өкмөттүн Аппаратынын, Ички иштер министрлигинин профилдик бөлүмүнүн, жарандык  сектордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирген.

Жыйында  ички иштер министрлигинин, ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматтары угулуп, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун концептуалдык негиздери талкууланды.

Жыйында  жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш жүргүзүүнүн так ориентирлерин берүү зарылчылыгы белгиленди. Тактап айтканда ЖККББ системасындагы болжолдонгон бардык өзгөртүүлөр үч этап менен ишке ашырылат:

1) кадрларды дыкаттык менен тандоо (коррупциялык түзүмдөр кыскартылып, кадрларды тандоонун механизмдери негизделет);

2) кадрларды даярдоо жана кайра даярдоону уюштуруу (3-6 айлык курстар);

3) мыйзамды бузгандыгы, анын иичнде коррупция үчүн сөзсүз жаза колдонулат деген принцип  иштеген жаңыланган патрулдук милициянын иштөө критерийлерин иштеп чыгуу.

Жарандар менен иштешүүдө ЖККББ кызматкерлеринин  жоопкерчилиги тууралуу өзгөчө баса белгиленди. Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовдун айтымында  калктын милицияга ишенимин арттырып, милиция кызматкерлеринин арасында коррупцияны жоюу зарыл.

Башкача айтканда  патрулдук милиция  мамлекеттик интитут гана болбостон, ар бир жарандын өнөктөшү жана  жардамчысы дагы болгудай деңгээлге жетиш керек.

Тамерлан Ибраимов  жакынкы аралыкта жумушчу топ жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча иш чаралардын  жалпы планын Президентке киргизээрин белгиледи.

Эске салсак, 2018-жылдын 19-июлунда Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн.

Андан кийин, 2018-жылдын 10-августунда Мамлекет башчысы  менен жолугушууда маселе  дыкат талкууланып, натыйжада Тамерлан Ибраимов жетектеген эксперттик жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: