Menu

Дүйшөмбү менен Ташкент чек араны тактоону сүйлөштү

Бөлүшүү:

Эки тараптын жолугушуусу Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте 16-ноябрда өттү. Бул тууралуу маалыматты эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери ырасташты. Азырынча жолугушууда эмне сөз болгону белгисиз. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу, расмий маалыматка ылайык, 1400 чакырымды түзөт. Анын 80% делимитация болгон.

Расмий Ташкент 1999-жылы Тажикстан менен чек арасын миналоону чечкен. Бул чечим өлкө аймагына “Өзбекстан ислам кыймылы” радикал уюмунун согушкерлерине каршы киргизилген чара катары түшүндүрүлгөн. Соңку 17 жыл ичинде чек аралаш аймакта жашаган Тажикстандын болжол менен жүздөй жараны миналардын жарылуусунан мерт кетишкен, ондогон адамдар жарадар болушту.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов сентябрда көз жумган соң эки өлкө ортосундагы алака жакшырып баштаганын байкоочулар белгилешүүдө. Алгач Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов Тажикстанга келип, президент Эмомали Рахмон менен жолугушуусунда Ташкент коңшусу менен жакшы алака-катышты болууну кааларын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: