Menu

Өйдөңкү трибунадан – Иса Өмүркулов: “Диктатура болсо, Текебаев парламенттен сүйлөбөй калмак”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин кечээ күнкү отурумунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппоненти Алмазбек Атамбаевге карата бир топ сын пикирлерин жаадырды. “Матрешка гейт” окуясы кайталанууда, башкача көз караштагы кишилер куугунтукка алынып жатат” деген сыяктуу. Биз ага карата КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун адилеттүү маңызда айтылган жообун жарыялоону туура көрдүк.

–Өмүрбек Чиркешович бир топ нерселерди айтты. Анын ичинде диктатураны баса белгиледи. Эми калыстык үчүн айтып коюшум керек. Мен да сиз менен эле чогуу келатам илгертен бери. Жанагы сиз айткан президенттердин учурунда да иштеп келдик. Ошол мезгилде да айтчуларды айтып келгенбиз. Бүгүн да айтканга негиз бар. Бирок, диктатура деп атасыз, диктатуранын убагында мына мен иштедим. 2007-жыл менен 2010-жылдын ортосунда “Ата Мекен” парламентке келбей калган, биз он бир депутат болуп ушул залда отурганбыз. Ошондо диктатура болчу, туруп сүйлөгөнгө, микрофонго чыкканга сөз берчү эмес. Биздин Ирина Карамушкина чыгып, “силер сөз эркиндигин чектеп атасыңар” деп оозун чаптап алып… Ал көрүнүштөрдү сиздер көргөнсүздөр. Же болбосо Роза Исаковна мегафонду алып алып, ушул залдан сүйлөгөн. Мына ушундай заман болчу. Диктатура болсо, бүгүн Чыныбай Акунович сизге 20 мүнөт убакыт бербейт эле. Каалагандай сүйлөдүңүз. Конституцияны калыбына алып келиш керек болуп атат. Бүгүнкү күндө биз ошол Конституция менен жашап атабыз. Эгер сиз бүгүн бийликти күнөөлөп атсаңыз, ошол Конституция туура эмес да. “Конституцияны оңдош керек, сунуш бергиле” деген мезгилде сиздердин позицияңыздар кандай болгонун коллегалар да, саясатчылар да, жалпы шайлоочулар да жакшы билишет. Эч ким диктатура кылбаганын айтат элем. Бир эле сөз эркиндигин алалы. Бүгүнкү сайттардын, бүгүнкү гезиттердин кимисин куугунтуктап атат? Президенттин жеке өзүнө жанагындай, ыксыз каралоону айтыш да менимче маданияттуулукка жатпайт го!..

Эми идеологияга келсек. Бүгүн иттин уулу байгара да салып атат эки кабат, үч кабат үйлөрдү. Алтымышка чыкканга чейин бир үй салалбасак, анда, кандай болот, урматтуу коллегалар? Колдон келсе беш кабат салгыла, колдон келсе, Канар аралына барып үй алыш керек, Дубайга барып үй салыш керек. Бүгүн толугу менен мүмкүнчүлүк бар, бизнес жасап, таза иштеп, мүлк тапканга. Бул үчүн күнөөлөө акылга сыйбай турган нерсе.

Эми “Мегакомго” байланышкан маселе боюнча. Буга чейин комиссия түзгөнбүз, өзүңүздөр демилге көтөрүп чыктыңыздар. Ошол комиссия иштей берсе болот. Бирок, эки күн мурда маалымат чыкканда, бир да депутаттын аты аталган жок. Аны “Атамбаев өзү сунуштаган” дегенге мен кошулбайм. Себеби, мен өзүм көрдүм, өкмөттүн сунушу менен депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссия Убактылуу өкмөттүн декретин четке кагып, баарын өзү иликтеп, анын курамына “Ата Мекенден” да бир депутат (Сабиров) кирген. Комиссия сунуштап, спикер Келдибеков токтом менен бекитиптир. “Мегакомду” дагы, улутташтырылган башка субъектилерди дагы. Анан буга Атамбаевдин кандай тиешеси бар? Курулай эле айта берген туура эмес болот. Чыныбай Акунович, сиздики да туура эмес. Биринчи баарыбызды угуп туруп, аягында жыйынтык чыгарсаңыз болмок. “Сунуш берилди” деп эле азыр тополоң кылып, УКМКны, прокуратураны чыкыралы, көзөмөл жүргүзөлү… Сиз ушуга алып келип атасыз да, Чыныбай Акунович! Мунун өзүнүн ирети бар да. Комиссия иштесин. УКМКдан сурайбыз сөзсүз, далилденбесе жооп берет. Эгер ачык-айкын иликтенбесе, иликтегендер да жооп бериши керек. Ошон үчүн адегенде комиссиянын ишин көрбөйлүбү. Анан кийин сурайлы, прокурорду сурайлы, ага биздин толук конституциялык укугубуз бар. Документтер фальсификацияланганбы же “Матрешка гейтпи”, анын баарын убакыт тастыктайт. Комиссия мүчөлөрү дагы объективдүү карап, бизге, депутаттарга жана элге маалымат берет деген терең ишеним бар.

Керим МУРАС

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: