Menu

Донбасста үч жоокер жана бир жай тургун жарадар болду

Бөлүшүү:

Бир сутканын ичинде Донбасста жикчилдер 40ка жакын жолу өкмөттүк күчтөрдүн позицияларын көздөй ок чыгарышып, алардан үч украин аскер кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бир нече калктуу конуштан алыс эмес жерде атышуу болгон.

Киевден билдиришкендей, бир жай тургун гранатанын жарылуусунан улам жарадар болгон. Коргоо министрлигинен окуянын кайсыл жерде болгондугун такташкан жок. Учурда жаракат алган адам Украина армиясынын көзөмөлүндө турган Донецк облусунун Курахово шаарынын ооруканасында.

Өз кезегинде орусиячыл жикчилдер өкмөттүк күчтөр тараптан 1500дөн ашык жолу ок чыгаруу болгонун билдиришүүдө. Куралдуу кагылыштар башталгандан бери Донбасста 10 миңге жакын киши курман болду. Жакында эле ЕККУнун байкоо жүргүзүү миссиясынын мүчөлөрү 2014-жылдан бери Украинанын чыгышындагы жарашуу режиминин эң көп жолу бузулгандыгы катталганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: