Menu

Чайханадан жетекчиликке кеткен жол. “Самсачы губернатор” же кызматтан кызматка секирген Кыянбек

Бөлүшүү:

Колдоочуң күчтүү болсо же жогор жакта маселени чече турган адамга жагалданганды, анын оту менен кирип, күлү менен чыкканды, даарат алса кумган көтөрө чуркаганды мыкты өздөштүрсөң эле кызматтан кызматка секиргенге жол ачылып калбадыбы. Сенин ким экениңди, билимиңди текшерип, сурап да койгон адам табылдайт. Ал тургай сенин үстүңдөн кылмыш иши козголсо да ал кызматтан жогорулашыңа тоскоол болуп бере албайт. Кыскасы баары “окей”, жолуңда жышыл түс күйүп турат. Жакында эле Жалал-Абад облусуна Өкмөттүн өкүлү (губернаторлук кызмат) болуп барган Кыянбек Сатыбалдиевдин басып өткөн жолу да ушул темп менен кеткен сыяктуу. Артынан арбын сөз ээрчиткен Кыянбектин облус жетекчиси болуп барганына облус эли эмес, өзү туулуп өскөн Майлуу-Суу шаарын эли “Майлуу-Суу шаарында мэр болуп, өзүнүн туулган жерине жарытылуу иш кыла албаган адам килейген облусту башкара алмак беле. Кыянбектин колунан кыйраган иш келбейт, оңдогонго караганда бузукулуу ишти мыкты кылат” деген нааразы пикирин айтып, жүздөрүн тескери буруп турган учуру.

Самсычыдан саясатка секирик

Кыянбек Сатыбалдиевди туулган жериндеги теңтуштары Мидин деп айтышат экен. Мидиндин басып өткөн жолун, автобиографиясын карасаң жарым баракка жетпеген төрт сап сөз менен токтойт. Кирешеси Чүй облусунан кийинки эле орунда турган Жалал-Абад облусунун азыркы жетекчиси  1996-жылы Майлуу-Суудагы техникумдан “техник-технолог” деген адиске ээ болуп, орто билимдүү болгон. 2007-жылдан 2013-жылга чейин “Ак-Жол 2000” деген дыйкан чарбада коммерсиялык директор болуп иштегени жазылат.  2013-жылдан 2015-жылга чейин Майлуу-Суу шаарында мэр болуп иштеп, 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 2016-жылы Жалал-Абад облусуна губернаторлук кызматка бекилет. Кыянбектин басып өткөн жолу ушул.

Мидин мэр болгуча “Ак-Жол 2000” деген дыйкан чарбада коммерсиялык директор болуп иштегени да күмөн. Анын аталган дыйкан чарбада коммерсиялык директор болуп катталбагынын 2013-жылы Кыргыз Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгы Майлуу-Суу шаарынын прокурору А. Б. Момбековго билдирүү бергенде тастыктаган. Ал билдирүүдө “Сатыбалдиев Кыянбек Урматович не является коммерческим директором ф/х “Ак-Жол 2000)” деп жазылып, башкармалыктын башчысынын колу коюлуп турат. Аны Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгынын справкасы да тастыктайт. Демек, Кыянбек Сатыбалдиев коммерсиялык директор болуп иштегем деп документтерди жасалма жол менен жасатып алганбы? Анын иштебегенин мамлекеттик кызматтар тастыктап жаткан соң, Сатыбалдиевде баарын жайгаштырып койчу сыйкырчынын таягы барбы? Эгер чын эле Кыянбек дыйкан чарбада коммерсиялык директор болгон болсо эмне үчүн Өкмөттүн кызматтары иштеген эмес деген справкасын жазып берген? Сатыбалдиев өзүнүн кадр-баркы тепселип жатканы үчүн эмнеге Ноокен райондук Соцфонд менен Салык кызматын сотко берип, жалган справка бергенин далилдеген эмес?  Аны жакшы билгендер андай жолго Кыянбек бара албайт, бара турган болсо баары ачыкка чыгып, абийири айрандай эле төгүлөт деп айтышууда. Мэр болуп шайлангыча Кыянбек мырза Кочкор-Атадагы чайханада самсы сатып иштегенин жердештери айтып жүрүшөт. Ал тургай жаңы мэр болгондо “Биздин мэр самсыны катырып жасайт” деп тамашага да алгандар болгон дешет. Самсы сатып жүргөн Сатыбалдиевдин мэр болуп калышы да кызык.

Күн тийген жердин күкүгүнө айланган Кыянбек

Кыянбекти Майлуу-Суу шаарына мэр кылып “Ата Журт” партиясы алып келген. Анын жакын достору “Ата Журттун” лидерлерине чейин кирип, “Кыянбек кыйшайбай иштеп берет” деп мактап жатып мэрлик орунга отургузушат. Кыйшайбай иштейт деген Кыянбек “Ата Журт” партиясынын лидерлери бийлик тараптан ар кандай шылтоолор менен каралоого дуушар болуп, партия алсырай баштаганын көрүп, КСДПнын ырын ырдай баштайт. Бул кылыгы менен Кыянбек кыйышпас досторун уятка калтырат.  Эгер эртең КСДП кыйын кезге туш болсо Кыянбек Сатыбалдиев алды-артын карабай,  депутат кылып, андан кийин облусту карматкан шефтерин биринчилерден болуп сатып кете береби? Күн тийген жердин күкүгү кимдин колунда бийлик болсо ошонун ырын ырдап, музыкасына бийлейт эмеспи. Самсычынын мэр болуп иштегени азыр анекдотко айланганын айылдаштары айтып жүрүшөт. Иш кагаздарына жетекчи виза коёт эмеспи. Кыянбекке виза коюп бериңиз десе, самсы саткандан бөлөк мамлекеттик кызматта бир күн да жетекчи болуп иштебеген Кыянбек иш кагазга “виза” деп жазып берген тура. Самсычы саткан самсысынын акчасын алганды гана билет да. Документтерге кол коюу, жооптуу болуу деген түшүнүк алардын түшүнө да кирбеген иш. Иш кагаздарды жөндөгөнгө жөндөм, жогорку билим керек.

Сатыбалдиев ЖОЖдун босогосун беш жыл бою аттап,  дипломдуу болгонунда дагы шек бар. Ал 2013-жылы гана “бухгалтердик учет, анализ жана аудит” деген кесипке ээ болгону тууралуу дипломду ЖАМУдан алат. Өзү окуп алганына дагы ишенгендер аз. Көпчүлүгү дипломду сатып алган деп шекшинет экен. Жогорку билимге ээ болбой туруп эле облус жетекчиси болуп иштеп жаткандарды көрүп жатпайбызбы. Ош облусунун азыркы жетекчиси орто билимдүү эле базарком эмеспи. Кыянбек деле ошонун бири болушу толук ыктымал. Сатыбалдиевдин дипломду сатып албай, өз күчү менен окуп, курсташ студенттери менен бирге  сынак тапшырып алганын да иликтеп жатабыз. Жалал-Абад облусунун губернатору менен чогуу окуган элем, ал ошондо эле кыйын болчу деген группалашы эмес, курсташтарын да таба алган жокпуз. Кыянбек бир курста жалгыз өзү окугандай. Кечээ эле Өмүрбек Текебаев да Кыянбек мырзанын жогорку билими, тажрыйбасы тууралуу бүтүндөй кыргыз эли көргөн ЭлТР телеканалынан  “Жакында СДПК жаш депутатты, мен атын да билбейм, Жалал-Абадга жетекчи кылып алып барды. Ал болгону айылдагы университетти 2013-жылы сырттан бүткөн экен. Ошого чейин дыйкан чарбасынын башчысы болуптур. Бир гектар жери бар адам бүгүн дыйкан чарбасынын башчысы. “Ата Журттан” мэр болуп, жакшы иштей албай, шаардын депутаттары  кайра-кайра иштен алабыз деп ишеним көрсөтпөй жүрүп, СДПК аркылуу депутат болуп келип, бир жылга жетпестен Жалал-Абадга алып барып койду. Жалал-Абаддагы абдан маанилүү регион. Ал энергетиканын борбору, ал жерде алтын, газ, нефть, токой, айыл чарбасы бар. Ошондой жерге эч тажрыйбасы жок, кайсыл мамлекеттик орган эмне иш кылаарын билбеген бир баланы алып барып койду” деп айтты. Буга Кыянбектен жооп да болушу мүмкүн эмес. Анткени, бул ачуу чындык.

Экономика жаатында жогорку билимге ээ болгон адам шаардын бюджети качан бекитилерин, ал кандай аткарыла турганын беш колдой эле билүүсү керек. Кыянбек Сатыбалдиев Майлуу-Суу шаарында мэр болуп турганда 2015-жылдын бюджетин 9-апрелде гана араңдан зорго бекиткен. Шаардык кеңештин депутаттары бюджетти бекитебиз деп Сатыбалдиевди чогулушка чакыра албай суй жыгылса, мэр ооруп атам деп 3 ай карматкан эмес. Мэр жылдык отчётун шаардык кеңештин депутаттарына берүүгө милдеттүү. Кыянбек Сатыбалдиев 2015-жылдын август айында 2014-жыл менен 2015-жылдын 6 айы боюнча отчёт беришин талап кылган депутаттарынын жыйынына да качып келбей койгон. Ушундай мэрдин Майлуу-Сууга кереги жок деген депутаттар ишенбестик көрсөткөн. Ишти түзүктөп алып бара албай, депутаттардан кайра-кайра ишенбөөчүлүк ала берген адам облусту жетектегенге дарамети жетеби?

Бала бакчадан байлык топтогондор

Эл үчүн иштейм деген адам келечек муунга кам көрөт. Кыянбек мырза Майлуу-Сууда мэр болуп турганда балдар бакчасына деген миллиондогон акчалар кумга сиңген суудай эле жоголгон. Буга ким жооп берет. Шаар башчысы болгон Сатыбалдиев мыйзам алдында жооп бергендин ордуна кызматтан кызматка секирип, сайраңдап жүрө береби? 2014-жылы Кой-Таш айылындагы бала бакча менен шаардагы маданият үйүн капиталдык оңдоп түзөө иштери жүрмөк болуп, тендер жарыяланат. Алгач тендерден башка компания утуп чыгат. Бирок ал компанияга ишти берген эмес. “KG Сервис” деген компанияга беришет. Бул махинацияга Кыянбек Сатыбалдиев өзү аралашкан деген маалыматтар убагында айтылган. Бала бакчанын капремонту үчүн 3 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Маданият үйүнө да ушундай эле суммадагы акча каралган. Маданият үйүн айтпай эле коёлу, балдар бакчасынын ремонтун түзүктөп жасабай, аткарылган иштердин акчасын көбөйтүп салганын көз карандысыз эксперт аныктап чыккан. Баса, “KG Сервис” деген компанияны Кыянбек Сатыбалдиев өзү алып барган деп да айтып жүрүшөт. Бала бакчадагы махинация боюнча Жалал-Абад областы боюнча Каржы полициясыкылмыш ишин козгогон. Кандайдыр бир себептер менен ал кылмыш иши аягына чыккан эмес. Бармак басты, көз кысты болуп кеткен. Көз каранды эмес эксперт Мухамбет Кааров бала бакчадагы ишти текшерип, корутунду чыгарганда “KG Сервис” 846  миң 730 сом зыян келтиргенин аныктап жазат. Анын корутундусу шаардын мэри Сатыбалдиевге да берилген. Бир гана бала бакчадан ушунча акча дайынсыз жоголуп жаткан соң, башка нерсе айтуу ашыкча кылса керек. Кыянбек КСДПнын кадырын түшүрбөсө, эгерим көтөр албайт. Ал өткөн жылдагы шайлоодо болгону бир жарым миңге жетпеген гана добушту КСДПга алып берет. Дыйкан чарбада коммерсиялык директор болгону жалган экенин ырастаган документтер турса, мэрликке самсы сатып жүргөн жеринен секирик жасаган, университетте “өзү жалгыз окуган” Сатыбалдиевдин губернатор болуп олтурганынын өзү уят иш. Же бизде базарда байпак саткандар, чайханада самсыны катыра жасагандар губернатор болуп олтурабы?

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: