Menu

Марат Кайыпов, экс-министр: “Россиянын телеканалдары бизди шылдыңдап Кыргызстан жоюлуп кетеби деп айтып жатышат”

Бөлүшүү:

-Конституциясынын гаранты ким?

-Президент.

-Жоголуп кеткен Конституциянын гаранты болуп жатабы?

-Ушул сөз козголуп, чуу башталганда таң калдым. Президенттин өкүлү депутаттардын алдында “Биз карадык, түп нускасы жок экен” дейт. Конституциянын атасымын, авторумун деп жүргөндөр бар. Ызы-чуу болуп, Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда катуу талаш-тартыш башталганда дагы Текебаев “ Менин Ош коогалаңына эч кандай тийешем жок. Кадыржан Батыров менен жолуккан эмесмин. Түштүккө Атамбаев Кадыржан Батыров менен жолукканы барган. Мен Бишкекте олтуруп алып Конституцияны жазгам”-деп айтып жатпайбы. Эгер Конституциянын түп нускасы Атамбаевде болбосо, анда авторунан сурабайлыбы? Конституцияны бир гана Текебаев эмес көп киши жазган. Ал жерде Конституциялык кеңеш иштеген. Ар бир иш кагаздарына жооп берген Конституциялык комиссиянын катчысы азыр түрмөдө олтурат.

-Ким?

-Нарымбаев Данияр. Аны түрмөгө олтургузуп коюшту. Ошол Нарымбаев Даниярды түрмөдөн чыгарып, Конституция­нын түп нускасын сурап көрбөйлүбү? Пре­зиденттин өкүлү депутаттардын алдында, мамлекеттин эн, жогорку трибунасында биздин баш мыйзамыбыздын түп нускасы жок дегени абдан чоң саясый жана юридикалык катачылык. Россиянын теле каналдары бизди шылдыңдап “Полктун туусу жоголуп кетсе, полкту таратып жиберет. Эмне, Кыргызстан жоюлуп кетеби?”- деп айтып жатат. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө дейт кыргыздар. Президенттин Жо­горку Кеңештеги өкүлү андай сөздү оозунан чыгарбаш керек эле. Түп нускасын кайдан болсо да табыш керек болчу. Ал жоголуп кетчү ийне эмес да.

-Оюндан от чыгат деп коёт. Теке­баев менен Атамбаевдин оюнунан от чыгып кетпейби?

-Айтыш кыйын, баары болуп кетиши мумкун. Азыр бизде эмес, башка өлкөнүн элдеринин дагы үрөйү учуп, кыргыздар ка­чан тынчыйт деп турушат. Мен чет өлкөгө көп чыгам. Кыргыз экеними угуп алышып, “ай, кыргыздар качан тынчыйсыңар, силердин өлкөдө качан элди ойлогон, улутту бириктирген саясат болот, качанкыга чейин бийлик талашып кан төгөсүңөр?”-деп уят кылышат.

-“Белизгейт” маселеси боюнча укуктук бааңызды уксак?

-Эң биринчиси бул маселе боюнча кылмыш иши козголуп, адилеттуу тергелип, сотко ашып, андан кийин сот күнөөлүү деп чечим чыгармайынча коомчулукка жарыяланбаса болмок. Биздин атайын кызматтын өкүлү президентке документти көрсөтүп, айткандарынын баарын теле аркылуу коомчулукка чыгарганы эле алдын ала күнөөлүү деп таап койгону. Фамилияларды ачык айтып жибербедиби. Маалымат каражаттары баарын жазып чыгышты. Биз муну аягына чейин күтөлү, тергөө жүрсүн, эксперттер жыйынтыгын чыгарсын деген киши болбоду. Текебаевдин президентке импичмент жарыялайм дегенинин бирден-бир себеби ушул болушу мүмкүн. Себеби, ал жасалма доку­мент деп жатпайбы. Балким Текебаев президенттин башка оор кылмыштарын жакшы билеттир. Анткени экөө бир жүрбөдү беле. Кандай болсо да импичмент жарыялоо процесси ачык-айкын процесс. Анткени президентке импичмент жарыялаш үчүн депутаттык комиссия түзүлөт, комиссия корутунду чыгарса, парламент ачык талкуулайт. Талкуулап жаткан учурда эле импичмент жарыяланаары же жарыяланбасы билинип калат.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: