Menu

Барак Обама терроризмге каршы күрөшүү маселеси боюнча сөз сүйлөдү

Бөлүшүү:

АКШ президенти Барак Обама терроризмге каршы күрөшүү маселесин чечүүдө Кошмо Штаттар аскердик кубатына гана таянбашы керектигин билдирди. Ал ошондой эле улуттук коопсуздук көйгөйлөрүнө арналган жыйында анын администрациясы «Аль-Каиданын» башчысын жок кылып, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун чабуулдан коргонууга өтүүгө мажбур кылууга жетишкенин айтты.

Бирок Обаманын пикиринде, Кошмо Штаттар үчүн терроризм жакынкы бир нече жылда коркунуч бойдон калат.

Флорида штатындагы Макдилл аскерий базасында сөз сүйлөп жатып Обама абалды узак мөөнөттүү перспективада баалап, терроризмге каршы туруунун башкы принциптери тууралуу айтты.

20-январда президент Барак Обама ыйгарым укуктарын АКШнын жаңы шайланган президенти, республикачы Дональд Трампка өткөрүп берет. Ал учурдагы администрациянын терроризмге каршы күрөшүү маселесиндеги аракеттерин сындап келген.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп Обама менен Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болгон Хиллари Клинтонду «Ислам мамлекетинин» «негиздөөчүлөрүнүн бири» деп атап, аларды Ирактан америкалык аскерлерди чыгаргандан кийин анда боштуктун жаралышына жол берген деп айыптаган. Анын пикиринде, бул экстремисттик топтун кеңири аймакты ээлеп алуусуна шарт түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: