“Алмаз Атамбаев башка партияларды тизмени таза түзүүгө, гендердик балансты так сактоого чакырып келет. Ал эми СДПК партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлеринин тизмесине Жалал-Абад шаарында жашабаган эле адамдарды киргизип алган, гендердик балансты сакташпаган. Эки талап бузулду”, – деп билдирди бүгүн, 7-декабрда Сентябрь телеканалына КР Жогорку кеңешинин депутаты Бакыт Төрөбаев.
“Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шайлоочулардын тизмесин Жогорку Кеңештин депутаттарына да көргөзбөйм деп жатат. Ал эмнеден коркуп жатат? Эмне, шайлоочулардын тизмеси Сарпашевдин жеке менчигиби? Биз ушул тизмелерде шайлоону бурмалоолор болот деп шек санап жатабыз”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Булак: Сентябрь
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ