Menu

Антониу Гутерреш БУУнун жаңы баш катчысы катары ант берди

Бөлүшүү:

Португалиянын мурдагы премьер-министри Антониу Гутерреш Бириккен Улуттар Уюмунун тогузунчу баш катчысы катары колун БУУнун Уставына коюп Башкы Ассамблеянын 193 мүчөсүнүн алдында ант берди.

Ал кызматтык мөөнөтү аяктап бараткан баш катчы Пан Ги Мундун ордун басып, 2017-жыл башынан тарта толугу менен ишке киришет. Гутерреш 1995-жылдан 2002-жылга чейин Португалиянын премьер-министри, 2005-жылдан 2015-жылга чейин БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссары кызматтарында иштеген.

67 жаштагы Гутерреш уюмдун 71 жылдык тарыхындагы тогузунчу башчысы болот. Португалия премьерлиги жана качкындар көйгөйлөрү менен алектенген агенттиктин башчысы тажрыйбасына ээ анын талапкерлиги октябрь айында Башкы ассамблеянын көпчүлүк колдоосуна ээ болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: