Menu

Видео – Эдил Байсалов: “Атамбаев Бакиевге салыштырмалуу же Акаевге салыштырмалуу өтө начар жетекчи чыкты”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаев 2011-2012-2013-жылдары бийликти консолидациялап жатканда, Ахмат Келдибеков  жетектеген парламентти көзөмөлдөп, камачусун камап, коркутчусун коркутуп, бийликти бир колго топтоп жатканда мен кол чаап жаткамын, анткени бийликти консолидация кылгандан кийин өлкөнү өнүгүү, өсүү жолуна алып келет деп ойлогом, бирок Атамбаев бийликти бир колго топтогону менен андан ары өлкөнү өзү башкарбады. Биздин арабабыз өзү эле кетип баратат. Өзү жетектебеди, жанындагыларга берип койду. Натыйжада бүгүнкү кризистик абалга келдик. Атамбаев Бакиевге салыштырмалуу өтө начар жетекчи же Акаевге салыштырмалуу Атамбаев өтө начар жетекчи. Алтургай Атамбаевди жетекчи эмес десек да болот”, – деп билдирди жаш саясатчы Эдил Байсалов “Сентябрь” телеканалына.

“Азыр демократиянын атына жамынган олигархтардын, байлардын жана криминалдын бийлиги орноду. Атамбаев мураскерин таптоого кечигип калды. Атамбаев ичи тар адам, өзүнөн башка кишилерди көрө албайт “, – деди Эдил Байсалов.

Булак: Сентябрь

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: