Menu

Орусия, Иран жана Түркия Сирияда биргелешип иштөө боюнча макулдашты

Бөлүшүү:

Орусия, Иран жана Түркия тынчтык келишимин иштеп чыгуу үчүн Сириядагы араздашкан тараптар менен иштешүүнү макулдашты. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын айтымында, бул үч өлкө Сирия өкмөтү менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосундагы болочоктогу мунасанын кепили катары иш алып бармай болушту.

Аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер жана коргоо министрлери Москвада жолугушту. Алар Сирияда ок атышпоо келишимин бекемдөө жана гуманитардык жардамга шарт түзүү боюнча да бир пикирге келишти. Лавровдун айтымында, жыйынга чогулгандар Сириянын президенти Башар Асадды кетирүүдөн мурда террорчулукка каршы күрөшүүгө артыкчылык беришерин билдиришти.

Бул жолугушууга бир күн калганда Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси өлтүрүлгөн. Эки өлкөнүн бийлиги окуяны сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу аракети деп атаган. Андрей Карлов көркөм галереяда сүйлөп жаткан маалда Түркиянын мурдагы полиция кызматкери ага каршы ок чыгарган. Чавушоглу Москвадагы жолугушуу алдында кол салгандардын башкы максаты орус-түрк мамилелерине доо келтирүү болгондугун билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: