Menu

Путин: Орусия бардык потенциалдуу агрессорлорго караганда күчтүүрөөк

Бөлүшүү:

Владимир Путин орусиянын куралдуу күчтөрү мүмкүн болгон бардык каршылаштарына караганда күчтүүрөөк экенин билдирди. Анын айтымында, армия өлкөдөгү коркунучтарды жок кылуу боюнча пландарга өзгөртүү киргизүүгө даяр болушу керек.

«Ишенимдүү түрдө айтсак болот: бүгүн биз кандай гана потенциалдуу агрессор болбосун күчтүүрөөкпүз»,-деди Путин 22-декабрда.

Коргоо министрлигинин жылдык жыйынында Путин Орусия өзүнүн ядролук дараметин бекемдеп, кубаттуу ракетеларга ээ болушу керектигин айтты.

Ушул эле күнү АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарды өзөктүк дараметин кеңейтүүгө үндөдү. Кийинчерээк Трамптын маалымат катчысы Жейсон Миллер президент террордук уюмдар жана туруксуз режим өкүм сүргөн өлкөлөрдөгү ядролук куралдын кеңири таралуу коркунучуна каршы чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө айткысы келгенин билдирди.

Путин менен Трамп бул билдирүүлөрдү Орусия менен АКШ ядролук арсеналдарды кыскартуу боюнча келишимдин алкагында милдеттемелерди алганына карабай жасашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: