Согди облусунда төрт баланын энеси күйөөсүн таштап Сирияга кетип калган. Ал алгач балдары менен Орусияга иштөө үчүн барган. Бул маалда үйдүн кожоюну жол кырсыгына кабылып, жазасын түрмөдө өтөп жаткан.
Хамза Турабеков алгач аялы телефон чалып Сирияга чакырганын, бирок “жок” деген жооп алган соң, талак аркылуу ажырашууну сураганын билдирди. Айтымында, кийинчерээк өмүрлүк жары менен байланыш үзүлгөн. Кенже уулу гана Рамазан айына чейин телефон чалып жүргөн.
Былтыр октябрда эки улуу баласынын өлгөнү тууралуу Сириядан суук кабар келген.
Хамза Турабеков башка аялга үйлөндү, жакында перзенттүү болушат.
Былтыр декабрда Тажикстан ИИМи Хамза Турабековдун төрт баласынын сүрөтүн жарыялаган. Маалыматта алардын “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулуп кеткендиги ишара кылынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ