Menu

Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанда электр тарифин өзгөртүүнү талап кылууда

Бөлүшүү:

Азия өнүктүрүү банкы Тажикстан өкмөтүнөн былтыр ноябрдан тарта киргизилген электр энергиянын жаңы тарифин кайра карап чыгууну талап кылды. Бул банктын өлкөгө койгон 13 талабынын бирөө. Тажик бийлиги аларды аткарса, бюджетти колдоо үчүн 50 миллион доллар алат.

Банк калк жана насостук станциялар үчүн тарифтер төмөн, жеке сектор жана өндүрүш мекемелериники жогору экенин билдирип, бул алардын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратарын баса белгилеген. Банк жеке сектор жана ишкерлер үчүн электр энериясынын баасын азайтып, калк менен насостук станциялар үчүн жогорулатууну талап кылып жатат. Өкмөт тарифтерди кайра карап чыгууга макулдук берди.

Тажикстанда Дүйнөлүк банктын сунушу менен электр энергиясына болгон баа жыл сайын 20% жогорулап турат. Баскыч-баскыч менен бааны көтөрүү боюнча меморандумга 2006-жылы кол коюлган. Мындай чечим энергетикалык тармактын рентабелдүүлүгүн арттыруу максатында кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: