Бүгүн 25-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия башталгыч жана орто-кесиптик билим берүү окуу жайларында “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” ишке ашуусу боюнча аталган окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өткөрөт.
Ошондой эле, бул жыйында Мамлекеттик тилди ишке ашыруунун тактикалык жана стратегиялык маселелери менен кошо КР Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы Жарлыгына ылайык “Ыйман, адеп, маданият жылын” өткөрүүнүн табигый булагы болгон мамлекеттик тилди каражат катарында колдонуунун мүкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири пикир алышуу болот. Жыйын Бишкек шаарындагы К.Көлбаев атындагы Авто-жол техникумунун жыйындар залында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ