Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров полиция жана аскерлерге мыйзамсыз куралданган топторго каршы эскертүүсүз ок чыгарууга уруксат берди. Бул тууралуу “Кавказский узел” басылмасы кабарлап, бул полиция тууралуу мыйзамга каршы келерин билдирди.
Мыйзамсыз курал көтөргөндөргө каршы жоготуулардын алдын алуу максатында эскертүүсүз ок чыгаруу керектигин Кадыров 24-январда Чеченстандын ИИМинин жыйынында айтты. “Эгер шек туулса, эскертүүсүз атуу зарыл! Эмне үчүн тобокелдикке баруу керек?”- деди ал.
“Полиция жөнүндө” мыйзамдын 19-беренесине ылайык, полиция ок чыгаруу ниети тууралуу алдын ала эскертүүгө милдеттүү. Тартип сакчынын же жай тургундардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаралган маалда гана эскертпестен ок чыгарууга уруксат берилет.
Басылманын маалыматы боюнча Чеченстанда 2016-жылы куралдуу жаңжалдар маалында 27 киши мерт кеткен, алардын ичинен алтоо укук коргоо кызматкери болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ