Тажикстан президенти Эмомали Рахмон үчүнчү жолу өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башчысы болуп шайланды. Чечим комитеттин башкы ассамблеясынын 26-январдагы XVI жыйынында кабыл алынды.
Эмомали Рахмон жалгыз талапкер болду. Өлкө башчыны Улуттук олимпиада комитетинин ассамблеясы сунуштаган. Уюмдун уставына ылайык, комитет президенти төрт жылга шайланат. Эмомали Рахмон алгач 2009-жылы, экинчи жолу 2013-жылы комитет президенти болуп шайланган.
Ассамблея жыйынынын жүрүшүндө өлкөнүн Олимпиада комитетинин башкы катчысы Бахрулло Раджабалиев уюмдун 2013-2016-жылдар аралыгындагы иши боюнча отчет берди. «Бул аралыктагы эң ири окуя Рио-де-Жанейродо өткөн XXXI жайкы олимп оюндары болду. Ага Тажикстандын атынан жети спортчу катышты. Бир алтын медалга ээ болгон тажик курамасы оюндарга катышкан 206 мамлекеттин ичинен 54-орунга жайгашты», – деди ал.
Жыйынтыгында Ассамблея мүчөлөрү Олимпиада комитетинин отчётуна канааттандыраарлык деген баа берип, уюмдун аткаруу комитетинин жаңы мүчөлөрүн тандашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ