Menu

Фото – Жалал-Абаддан 57 резервдеги жоокер Балыкчыга аскерге жөнөп кетишти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-февралда Жалал-Абад шаарындагы  топтоо пунктунда областтын бардык район-шаарларынан келишкен 57 жоокерлерди бир айлык аскердик милдеттүү кызматтарын өтөөлөрү үчүн Балыкчы шаарына салтанаттуу узатуу иш-чарасы болуп өттү. Өз учурунда ар кыл жүйөлүү себептер менен кимдир бирөөсү жогорку окуу жайында окуп, кээ бирлери үй-бүлөлүк шартка байланыштуу мекен алдындагы ыйык аскердик милдетин өтөөгө өз убагында мүмкүнчүлүгү болбой калган 25 жаштан 40 жашка чейинкилерге КРнын Өкмөтү тарабынан бир айлык аскердик кызматтарын өтөшүп, биринчи категориядагы аскердик билеттерин алуу шарттары жаратылган. Бул үчүн жоокерлер контрактык негизде 50 миң сом төлөп, өлкөбүздүн аймагындагы кайсыл бир аскердик бөлүктө бир айлык аскердик даярдыктар менен машыгуулардан өтүүлөрү парз.

Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунда жыйналган 57 жоокерлердин басымдуу бөлүгү дээрлик жогорку билимдүү адистер. Алсак, Азамат Калматов 27 жашта, Ала-Бука районунун тургуну, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. КРнын Ички иштер министрлигинде сержант катары кызмат өтөп жатат. Ал бир айлык аскердик даярдыктан ийгиликтүү өтүп, 1-чи категориядагы аскердик билетин алса ага кезектеги офицердик чинин алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Ал эми Аксы районунун тургуну Аскат Акмырзаев 2015-жылы Индиянын Пуна шаарында өткөн Азиянын чемпионатында кикбоксинг боюнча коло медалдын ээси болгон. Ала-Бука районунун тургуну, 35 жаштагы Алтынбек Стамов экономикалык жана юридикалык эки жогорку билимге ээ. Ал Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердүүлүк университетинин финансы-кредит жана Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад топтоо пунктундагы 57 жоокерлерди Балыкчы шаарына аскердик ыйык милдеттерин өтөөгө узатууга арналган салтанаттуу жыйында Жалал-Абад шаарындагы  топтоо пунктунун башчысы, подполковник Керимбек Эшбаев, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн укук, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Маданбек Кашкынчиев, Кара-Көл шаардык аскер комиссариатынын башчысынын орун басары, полковник Абдырасул Дүйшөбаев, Жалал-Абад шаарындагы  Ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдусамат Абдырасулов, Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов жана жоокерлердин ата-энелеринин атынан Шайыргүл Багышева менен Сооронбай ата жоокерлерге  Мекен алдындагы ыйык аскердик милдеттерин ак ниеттүүлүк менен татыктуу өтөп келүүлөрүн чын ниеттеринен каалап кетишти.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КРнын Коргоо министрлиги менен биргеликте 18 жашка толгон жигиттерге өз убагында аскердик милдеттерин өтөй албай калгандарга мыйзамдын негизинде бир айлык аскердик милдеттерин өтөөгө шарттарды жаратып берип олтурат. Бүгүнкү күнү бир айлык аскердик милдеттерин Балыкчы шаарында өтөөгө жонөп жатышкан 57 жоокердин басымдуу бөлүгү юридикалык жана экономикалык жогорку билимдерге ээ. Бүгүнкү резервист жоокерлердин көбү областыбыздын район-шаарларында салык, бажы кызматтарында жана ички иштер органдарында татыктуу кызмат өтөп жатышат. Жоокерлер бир айлык аскердик даярдыктарын ийгиликтүү өтөп келишкен соң алардын кызматтык даражаларын жакшыртууга дагы ыңгайлуу шарттар жаралат,- деди КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад топтоо пунктунун башчысы, подполковник Керимбек Эшбаев.

Быйылкы жылы Жалал-Абад  топтоо пунктунун офицерлери менен прапоршиктери өз убагында аскердик кызматтарын өтөбөгөн жоокерлерге контрактык негизде 5 этап менен жоокерлерди бир айлык аскердик даярдыктан өткөрүүнү мерчемдеп жатышат. Жалал-Абад топтоо пунктунун офицерлери пландуу иш – чаранын негизинде район-шаарлардын аскер комиссариаттары менен биргеликте шарттуу себептер менен өз убагында аскердик милдеттерин өтөй албай калган жоокерлер контракттык негизде бир айлык атайын аскердик даярдыктар менен машыгуулардан өтүшүп, 1-чи категориядагы аскердик билеттерди ала алышат. Бул үчүн 50 миң сом төлөп, бир айлык аскердик даярдыктар менен машыгуулардан өтүүлөрү керек. Аскердик кызматты өтөөдөгү мындай ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдөн туура пайдаланууну каалагандар улам көбөйүп жатат. Балыкчы шаарына бир айлык аскердик кызмат өтөөгө жөнөп кеткендердин эң жашы 25те, ал эми эң улуусу 35 жашта экендиги маалым болду.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: