Menu

Amnesty: Казакстан бийлиги соцтүйүндөрдөгү сөз эркиндигин чектөөдө

Бөлүшүү:

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Казакстанда социалдык түйүндөрдөгү сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткенин белгиледи. Бул тууралуу уюмдун 9-февралда жарыяланган баяндамасында айтылган.

Документте казак бийлиги ар кыл сайттарга кирүү мүмкүндүгүн чектөө үчүн жакында эле кабыл алынган мыйзамдарды колдонуп жаткандыгы жазылган. 2016-жылдан тарта өлкөдөгү интернет колдонуучулар «улуттук коопсуздук тастыктамасын» орнотууга милдеттендирилген. Муну менен бийлик HTTPS протоколу боюнча алынган маалыматтарды көзөмөлдөй алат.

Ошондой эле уюмдун баяндамасында жаңы кабыл алынган мыйзамдар аркылуу бийлик «башкача ой жүгүрткөн адамдарга» карата административдик жана кылмыш иштерин козгоо мүмкүндүгүнө ээ болуп жаткандыгы белгиленген.

2016-жылдын ноябрында укук коргоочулар Макс Бокаев менен Талгат Аян «кастыкты козутуу» айыбы менен беш жылга соттолгон. Алар социалдык түйүндөргө өкмөткө каршы өткөн нааразылык акциялары тууралуу маалыматтарды жарыялашкан.

Уюм мындай аракеттер Казакстандагы сөз эркиндигине «терс натыйжа» берет деп эсептейт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: