Menu

Аликбек Жекшенкулов, экс-Тышкы иштер министри: «Азыркы кыргыз бийлигинде кимди мамлекетчил адам деп айта алабыз?»

Бөлүшүү:

— Аликбек агай, сиз көп жылдардан бери саясаттын казанында кайнап келаткан саясатчылардын сап башындагылардансыз. Тышкы саясатты ийне-жибине чейин мыкты билесиз. Саясаясаттын айынан камалып да чыктыңыз. Тышкы саясат деле ички саясаттан көз каранды эмеспи. Өлкөдөгү ички саясат кандай абалга келип калды?

— Сиз суроону туура берип жатасыз. Тышкы саясат менен ички саясат бири-бири менен байланышып, көз каранды болот. Өлкө же Өкмөт башчысы ички саясатта туура багытты тандап, элге кам көргөн, адилеттүү башкаруу сисемасын түзгөн, келечекти ойлогон, экономиканын өнүгүү жолун тандап иш кылса, абройлуу болуп, тышкы күчтөр да сыйлай баштайт. Улуттун кызыкчылыгын аныктаган эки негизги көрсөткүч бар, бул мамлекеттин коопсуздугу жана экономикалык деңгээли. Коопсуздук тууралуу сөз кылсак, азыр чек арабызда болуп жаткан окуяларды билесиз да. Канча жылдан бери Баткен, Жалал-Абад облустарында кагылышуулар болуп, биздин жарандар жаракат алып кыйынчылыктар болуп жатат. Тилекке каршы терроризм жана экстремизм маселеси Кыргызстанда курчуп баратканын Бишкекте Кытай элчилигинде жардыруу көрсөттү. Күч органдарындагы гүлдөгөн коррупция, кадрдык туура эмес саясат, жүргүзө албаган реформаларды айтсак сөз түгөнбөйт. УКМК мамлекеттин коопсуздугун жакшы камсыздай албай эле бийликтин саясий куралы болуп калды деген пикир коомдо сиңип калды. Кайсыл бир саясатчынын же партиянын жүргүзгөн иши жакпай калса ошолорду аңдып, кыянаттык иштерди жасаган терс көрүнүштөр болууда. Прокуратурадагы болуп жаткан адилетсиз иштерди айтпай эле коёлу. Соттордун адилеттүүлүгүн сөз кылуунун деле зарылчылыгы жок. Ушунун баары ички жана тышкы коопсуздукка таасир берет. Бүгүнкү күндө карапайым адам өзүнүн жашоосун коопсуз деп эсептей албайт, милиция менен “кара дүйнө” бири-бири менен ымаланышып кеткендей сезилип, криминалдык окуялар коомдо күчөп кетти. Ысык-Көлдө, Бишкекте, түштүктө болуп жаткан терс криминалдык көрүнүштөр массалык маалымат каражаттарда ачык айтылууда. Мунун баарысы коомдун психологиясына, элдин маанайына таасир берет эмеспи. Жалпы жонунан тышкы жана ички коопсуздугубузду талдасак абдан оор абалдабыз.

Экономикабызды изилдесек өнүкпөй эле кайра артка кетти. Азыркы бийликтин келгенине апрелде жети жыл болот. Жети жылда канча завод, фабрика курулуп, канча жумуш орду пайда болду? Акыркы жылдарда жаңы технология, модернизация, жаңы экономикалык ойлор, ыкмалар пайда болдубу? Мамлекеттин экономикасы өнүгүү жолуна түшө алдыбы? Мындай суроолор аябай эле көп. Бирок, бул суроолорго “Жок” деген жооп болоорун баарыбыз эле билебиз. Алдыга жыла турган бир дагы кадам жокко тете. Бийликтин болсо аброю кетти. Популизмге берилип, элге ар кандай жалган маалыматтарды таратып жатып өздөрү аброюн түшүрүп алды. Көз каранды эмес уюмдардын маалыматтары боюнча коррупция күчөдү. “Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат” дегендей кээ бир чиновниктер элди алдап, мамлекет чоң ийгиликтерге жетти деп мактанып жүрүшөт. Саясий күрөштө бийлик туура эмес күч колдонуп, адилеттүү болбой, карама-каршылыктар көбөйүп, терс иштерге аралашып кетишти. Ачык айтканда мен мындайды азыркы бийликтен күткөн эмесмин. Кыргызстан дүйнөлүк коомдун мүчөсүбүз. Бизди эл аралык коомчулук эмне дейт? Биздин дүйнөдө, Борбордук Азияда, ЕАЭСте ордубуз кандай? Мамлекетибиздин коопсуздугун, экономикасын кандай өнүктүрөбүз? Элибизди кандай бириктиребиз? Ушул суроолорго жооп издеп, коомчулук менен кеңешип, келечекти түптөгөн, экономикабызды өнүктүргөн, элибизге жакшы маанай тартуулаган иш-аракеттерди тилекке каршы көрө алган жокпуз.

— Сиз бийлик элдин ишениминен кетти деп айтып жатасыз. Мурунку эки бийлик дагы элдин ишениминен кеткенден кийин тактыдан оодарылган эле. Ошондой абалга бара жатабыз деп коңгуроо кагып жатасызбы?

— Бүгүнкү күндө ошол абалга бара жатпай эле кайтып келдик. Акыркы эки жылдагы окуяларда бийликтегилер бири-биринин бетин ачып, жамандап, каралап, ММКларды дуулдатып жаткан менен болгон окуяларды, кырсыктарды изилдеп көрсөңөр баары көрүнүп калды. Бүгүнкү бийликтин абалы, ниеттери, деңгээли ачыкка чыкты. Кээ бир чиновниктер байлыкты көбөйтүп, бийликти сактап калуу аракеттеринен башка эч нерсени ойлобосу көрүнүүдө. Элдин, мамлекеттин келечеги эмне болот, кайсыл багытта өнүгөбүз, идеологиябыз кайсыл деген суроолорго жооп азыркы бийликтен таппайбыз.

— Бийликтен кеткениңизге 10 жыл болуптур. Ошондо азыркы бийликке келген адамдардын башын бириктирип, бир күчкө чогулткан элеңиз. Ошол адамдардын бийликке жеткенден кийин мүнөздөрү өзгөрдүбү?

— Албетте мүнөздөрү өзгөрдү. Байлык менен бийлик бул чоң сыноо. Ошого жеткенде адамдын ким экени, өзөгү, ички дүйнөсү ачылат. Мен 2010-жылы ушул кыялдарын сезип туруп чакырууларына ынанган эмесмин. Кандайдыр бир эмоцияга берилип, терең ойлонбой, терс көрүнүштөргө ыктаганы көрүнгөн. Кээ бирлери текеберленип, өздөрүн эң акылдуу, билимдүү сезип, эч кимди тоготпой, коомду укпай тескери кетип жатпайбы.

— “Белизгейт” деген көп нерсени ачыкка чыгарчудай болуп калды. Эки тарап эки түрлүү документтерди коомчулукка жарыялашты. Бул ишке эл аралык афёра аралашканы байкалды. Мындай афёра ички саясатта колдонулуп жаткан соң өлкөнүн эл аралык аброю түшүшүнө шарт түзөбү?

— Ар кандай туура эмес сүйлөгөн сөздөрү, бийликтегилердин кылыктары баарыбызга, эл аралык коомчулукка дагы билинип калбадыбы. Азыр болсо ЕАЭС алкагы боюнча кээ бир эл аралык адистерден “Кыргызстанда “кара тешик” пайда болуп, контрабанда ошол жак аркылуу кирип жатат” деген пикир айтылууда. Бул биздин дарегибизге жасалган чоң сокку. “Белизгейтте” УКМКнын жасаган иштери билинип калды. Булар мурунку бийликтен сабак албай, тескерисинче үлгү алгандай көрүнүп атат. Атаандаштарын, белгилүү саясатчыларды, бийликке жакпаган ойлорду айткан коомдук ишмерлерди жөнү жок каралап, маскаралап, кылмыш иштерин ачып, түрмөгө отургузуу аракеттерин жасап атышат. Жадагалса массалык маалымат каражаттар белгилегендей УКМК уялбай-этпей эле мыйзамсыз телефондорун тыңшайт, аңдыйт деген пикир бар. Ошол эле кезде күч органдарда иштегендердин жоопкечилиги сезилбейт. Ушунун баарысы эл аралык коомчулукта азыркы бийликтин аброю түшүшүнө шарт түзөт.

— Сиз бийликке сын айткандарды коркутуу иши жүрүп жатат дедиңиз. Бир учурда президент өзү орден менен сыйлап, кийинки президент болот деген Аида Салянова акыркы кездери айткан сын пикири үчүн кылмыш иши ачылып, УКМКда сурак берип чыккан болобу? Ким бизге кошулбаса ушундай абалга туш болуп калышы мүмкүн деген эскертүүбү?

— Мындай коңгуроо көп эле жолу болгон. Мисалдарды коомчулук билет. Бул бийликтин өз пикири бар саясатчыларды, коомдук ишмерлерди коркутуп, бийликти сактап калабыз деген амалы. Эл аралык тажрыйбада бийликти сактап калабыз деген саясатчылар элдин камын көрүп, мамлекеттин келечегин ойлоп, өнүгүү, мыйзамдуулук жолуна түшүшү керек. Ошондо гана эл кайра-кайра добуш берип, силер кызматта тургула деп суранат. Алыс барбайлы, Россиянын президенти В. Путин, Германиянын канцлери А. Меркель бир канча жылдан бери бийликте отурат. Ал үчүн мамлекетчил, элдик адам болуш керек. Азыркы кыргыз бийлигинде кимди мамлекетчил адам деп айта алабыз? Көбүнчөсү сөз, популизм менен элге камкор болушат, ишке келгенде жокко тете.

— Парламент деле жогор жактан көрсөткөн ишаарат менен иштеп калбадыбы? Муну аласыңар десе ал кызматтан алынат, муну шайлайсыңар десе аны шайлашат. Фракциялардын ичинде жарылуу-бөлүнүү бар экени маалым. Алар деле кантип анан өз функциясын аткара алышат?

— Булар бийликке жаңыдан келгенде эле парламентти бөлүп-жаруу менен башкарабыз деген саясат жүргүзүшкөн. Фракциялардын биримдигин кетирип, атайын кызматтар иштеп, ар кандай интригаларды чыгарышып, бири-бири менен мушташтырып, лидерлерин бири-бирине жамандаткан жолго түшкөн. Бул абдан кооптуу жол. Коомдун келечегин ойлобостон, ар бир депутаттын тагдырын ойлобостон, бийликти мага жакын гана топ башкарса деген амалдар болуп жатат. Болуптур, эгер татыктуу кадрлар болсо, алар ишти алып кетсе, мамлекет өнүгүү жолуна түшсө сөз жок. Өзүнүн жакындарын, партиялаштарын же болбосо коррупцияга шектелген жолдору менен келген чиновниктер дайындалып жатса эл нааразы болот да. Негизи парламентте ар түрдүү сөздөр айтылып, бир канча көз караш орун алып саясий күрөш болсо бул мыйзам ченемдүү. Бирок, принципиалдуу мамлекеттин тагдырын чече турган маселелерге келгенде бир пикирге келиши абзел.

— Азыр бир топ кадрдык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Аалы Карашевдин парламентке депутат болуп барышы президенттик шайлоого карата КСДП өз позициясын бекемдегенге өттү деген жоромолду жаратты. Жүргүзүлүп жаткан кадрдык алмашуулар позицияны бекемдөөгө шарт түзөбү?

— Бийликтегилер позицияны бекемдеп жатабыз деп ойлоп жатат. Бүгүнкү бийлик коомду ынтымакка чакырып, көз караштары дал келбеген саясатчыларды тегерек үстөлгө чогултуп, азыркы саясий-экономикалык кыйынчылыктардан кантип чыгабыз, биримдикке кандай кадамдарды жасайбыз деп “ийри олтуруп түз кеңешкендин” ордуна кадрдык оюндар, душман издөө менен алек. Азыр бийликтин ичинде кандай кадр алмашуулар болбосун, мамлекеттин жалпы саясий-экономикалык абалына таасир бере албайт. Анткени, бир топтун саясий кызыкчылыгын көздөгөн система түзүлүп калды. Ушул система бузулмайынча бүгүнкү терс көрүнүштөр боло берет. Парламенттеги фракцияларда бир мүмкүнчүлүк бар. Эгерде фракциялардын жетекчилери жеке кызыкчылыктарынан өйдө туруп, мамлекетти ойлоп, туура чечимдерге келип, бирдиктүү иш жасаса өлкөнү кризистен алып чыгып кеткенге жолдор бар.

— Президенттик шайлоо өз мөөнөтүнөн мурун болот деп айтылууда. Президент Алмазбек Атамбаев ошондой кадамга бара алабы?

— Кырдаалга жараша болот деп ойлойм. Эгер кырдаал курчуп, экономика мындан да начарлап, коомдо чоң нааразычылык акциялар, митингтер башталса ошондой кадамга барышы мүмкүн.

— Эгер мөөнөтүнөн мурун кете турган болсо, өзүнүн мураскерин калтырып кетиши керек болот. Мураскер калтырууга жетишеби?

— Бул бийликтин таасири, аброю түшүп калды. Маселе ушунда. Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо СДПК мурунку 26 ордуна болгону 13 гана мандат алды. Ага дагы толук түрдө администрациялык ресурсту пайдалынып, ар түрдүү жасалма ыкмаларды жасашкандан кийин жетишишти. Башка региондорду айтпай эле коёюн. Жалал-Абадда “Өнүгүү” партиясы жеңди. Түптө Садыр Жапаровдун иниси айыл өкмөтү болуп шайланды. Кээ бир чиновниктер бийлик алмашып кетсе эмне болом деп ойлойт. Кээ бирөөлөрү аралашпай эле турайынчы деп ортодо эки жакты байкап турат. Бир тобу ушул президент же премьер-министр болуп кетет дегендерге чуркай баштайт. Алардын табияты ошондой. Мага бүгүн бийликтин татыктуу, эл колдой турган мураскери көрүнбөйт. Ошондуктан көп кыйынчылыктар жаралат. Мураскер калтырууга Атамбаевдин убактысы дагы, мүмкүнчүлүгү дагы жокко тете. Эгерде өзүнүн баскан-турганы, айткан сөзү, жасаган иши элдин арасында даңазаланган, акылмандык көрсөткөн жетекчи деп эсептегенде балким ошондой болмоктур. Бүгүнкү күндө биз андай деп айта албайбыз.

— Текебаев президентке импичмент жарыялоо максатында керектүү документтерди топтой баштаган. Бул толугу менен ишке ашып калышы мүмкүнбү?

— Бул дагы саясий-экономикалык абалга жараша болот. Эл көчөгө чыгып, нааразычылык көбөйүп, коомдук абал курчуп баратса депутаттар ошого барышы толук ыктымал. Менин оюмча президент андайга жеткирбей, бир шылтоо менен өзү эле кетет болушу керек.

— Президент тышкы саясатты чыңдоо, башка өлкөлөр менен алака түзүү үчүн бир канча мамлекеттерге иш сапар жасап, президенттер, таасирлүү адамдар менен жолугуп жүрөт. Мындай жолугушуулардан дагы өлкө утуш алган жокпу?

— Башка өлкөлөрдүн жетекчилери атайын кызматтардан, дипломаттардан Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардан баштап ички саясат, экономика, коопсуздук, бийликтин аброю, элдин бийликке болгон маанайы тууралуу маалыматты алып билип туруп, ошого жараша мамиле кылышат. Дипломатия деген океандагы айсберг сыяктуу. Суунун үстүндөгү көрүнүшү протокол гана. Суунун астында айсберг кандай абалда экени билинбегендей, дипломатияда дагы көрүнбөгөн нерселер бар. Кептин баары көрүнбөгөн нерседе. Күлүп тосуп алып, жылмайып сүйлөшүү деген көрсөткүч эмес. Дипломатиянын тартибинде баары күлөт, жадырап-жайнап тосуп алат. Жетекчинин ички, тышкы саясаты, аброю кандай, айткан сөзүнө турабы, калп айтпайбы, туруктуубу деген пикирге жараша аныкталат. Ошондуктан, мен азыр утуш алып жатабыз, таасир берип жатат деп айта албайм.

Бир мисал келтирейин. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча президент Пекинге барганда кол коюлат деп катуу даңазаланган. Баргандан кийин ал жөнүндө бир да сөз айтылбады, маалымат дагы таратылган жок. Анткени, кытайлар кетип жаткан киши менен чечпей жаңы келген президент менен сүйлөшөт. Ошол жол аркылуу Иранга чыгабыз деп айтышкан. Кытай менен маселе чече албай жатып Иранга кантип жетет? Ирандын жетекчилери бул боюнча эч кандай реакция кылган жок. Эл аралык маселелерге келгенде бийлик маалыматтарды тараткандын астында ойлонуш керек, ушул маалымат жыйынтык алып келеби же алып келбейби деп. Элдин астында, дүйнөлүк коомчулуктун астында уят болбойбузбу деген суроолорго баш оорутуш керек. Жетекчилик деген ойлонуп сүйлөшү керек да. Артыңда эл, мамлекет турат. Жоопкерчиликти сезе билүүсү зарыл. Ички саясатта “Өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген заман болуп жатса, тилекке каршы тышкы саясатта дагы ошол көрүнүш.

— Кытайга барып келгенден кийин “Мага эле кредит берет” дегендей сөздү айтпадыбы. Бул ал жак мага ишенет деген сөз да?

— Бул болбогон сөз. Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын убагында ошол эле кредиттер, гранттар келген. Маселе фамилияда эмес, элдин өзүндө. Кытай мамлекети менен чектеш болгондугубуздан, алар Кыргызстанда өнүгүү болуп, тынчтык болсо терроризм-экстремизмге жол ачылбайт, кошуна өлкөгө терс таасирин тийгизбейт деген саясат жүргүзүп келет. Ошон үчүн бизге жардам берип жатат.

— Мурунку бийлик кетерине аз калганда Максим Бакиев министрлерди ээрчитип алып Кытайга иш сапар жасаган. Сүйлөшүүлөр жүргөнү менен эч нерсе жасалган жок. Азыркы президенттин мөөнөтү бүтүп жатканда Кытайга иш сапар жасалды. Кытайлар кеткени жаткан президент менен бир чечимге кол койгонго барбаса керек?

— Атамбаевдин Кытай менен иштешүүдөгү эң чоң катачылыгы темир жолду 2013-жылы Си Цзиньпин келгенде салабыз деп коюп, кийин салбайбыз деген. Эми болсо кайрадан салабыз деп жатат. Мындай көрүнүштөргө ким ишенет? Кичине же чоң мамлекеттин жетекчиси болосуңбу барганда күлүп тосуп алуу алардын милдети. Бирок, маселени чечүүгө келгенде сыртын салып коюшу мүмкүн. Президент Индияга иш сапары менен барды. Андан мурун тажик президенти Эмомали Рахмон барып, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен үч ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюп келди. Биздин жетекчилик барганда бир да келишимге кол коюлбады. Кээде расмий иш сапарлар жарнамалык видеороликке, жөн эле пиарга окшоп калууда. Барганын көрсөтөт, сүйлөйт, бирок жыйынтык жок. Эл аралык саясатта сөз эмес келишимдер, конкреттүү иштер бааланат.

— Түркия менен Кыргызстандын мамилеси абдан жакшы болуп келген. Президентибиз Атамбаев түрктөрдүн президенти Эрдоган менен алаканы алгылыктуу эле жүргүзүп жаткан. Аны “Аби” деп өлкөгө жардам сурап кайрылган. Акыркы кездери түрктөр жаман окуяларга кыргыздарды кошуп, туура эмес маалыматты бергенге өтүп алгандай сезилип жатат. Кыргыз-түрк алакасы кандай негиз менен бузулушу мүмкүн?

— Түрктөрдүн кыргыздарга болгон мамилеси жакшы, көз карашы да түз. Негизинен азыр деле ошондой. Биздин жетекчилик Стамбулдагы төңкөрүш маселелери боюнча туура эмес мамиле жасап койду. Ал окуяга туура же туура эмес деп сын такпай эле койсо болмок. Дипломатияда ар кандай ыкмалар бар. “Түркиянын ички саясаты, мындай кырдаалда түрк эли туура чечим кабыл алат деп ойлойбуз, түрк элинде ынтымак, тынчтык болушун каалайбыз” деп койсо туура болмок. “Төңкөрүшкө өзүңөр жол ачтыңар, бизди коюп өзүңөрдү карагыла” деген маанидеги сөз дипломатияда катуу сокку болот. Ушундай саясат Түркияда иштеп жүргөн жарандарыбызга терс таасирин тийгизди. Бизнес кылып жүргөндөрдүн бизнесин тартып алган мисалдар бар экен. Ал жакта жүргөн жаштар мага келип арыз-муңун айтып кетишкен, 15 миңдей кыргыз жашап, окуп, иштеп жүргөнүн билдиришти. Болгондо дагы билимдүү улан-кыздар мугалим, врач, менеджер болуп иштешсе, кээ бирөөлөрү өздөрүнүн фабрикаларын ачканга жетишиптир. Бул жакшы көрсөткүч болчу. Алардын эмгеги бир-эки сүйлөм менен текке кеткендей болду. Биздин тышкы саясатыбыз биздин жарандарыбыздын жеке тагдырына таасир бериши мүмкүн.

— Негизги стратегиялык өнөктөш деп эсептеп келген Россия менен да биздин жетекчилер айтылган убадага турбай жатышат. Бакиев “Манас” аэропортундагы АКШнын аскердик базасын чыгарам деп айтып алып, ал сөзүнө турбады эле арты эмне менен бүткөнүн көрдүк. Атамбаев ГЭСтерди куруу боюнча келишимге кол коюп, курулуш иштери башталды эле, анын да аягы чырга айланып, Эл аралык сотко чейин жеткени калды. Россия менен алакага кандай баа берет элеңиз?

— Россия чоң мамлекет болсо да бизди өнөктөш өлкө катары карап, кайсыл бийлик болбосун, ким президент экенине карабай ар дайым жардам берип колдоп келген. Менин оюмча Россиянын жетекчилиги саясатын өзгөртпөйт. Бүгүнкү күндө деле жардамын аябай берип жатпайбы. Ал тургай мектепте окуган балдарыбызга берген тамакты Россия төлөгөн даражага жетип калдык. Бюджетти түз колдогонун айтпай эле коёюн. Кыргыз-Россия биргелешкен фондуна канча каражат бөлүп берип, аныбыз эми гана араң түзөлүп келатат. Россия жетекчилиги эмоцияга берилбей, туруктуу мамилени прагматикалык жол менен бекемдөө аракетинде.

— Орус жетекчилери деле берген сөзүнө турбагандар менен иштегиси келбейт да?

— Дегеле, эл аралык мамилелерде сөзгө бекем, туруктуу, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн жетекчилерди баалайт.

— Ушул айдын аягында В. Путин бизге келе турган болуп жатат. Маалымат каражаттарында Путин келип күздө болчу президенттик шайлоого старт бере турганы жөнүндө маалыматтар айтылды. Путиндин аралашуусу менен кийинки президент шайланабы?

— Мен антип ойлобойм. Эл аралык саясатта ар бир мамлекеттин өзүнүн улуттук кызыкчылыгы болот. Россиянын кызыкчылыгы биздин мамлекетте, биздин кызыкчылык Россияда бар. Россия менен Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары дал келет. Муну мен сабак берген студенттер да далилдеп берип жатышат. Путиндин Борбордук Азиядагы мамлекеттерди кыдырып жатканы саясий-экономикалык кызматташуу, ЕАЭС уюмундагы иштерди талкуулоо болсо керек. Россия ири держава болгондон кийин Борбордук Азияда өзүнүн таасирин күчөткүсү келет. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Негизги себеп ошол. Көшөгөнүн артында кандай сөздөр болоорун айтыш кыйын. Менин билишимче Россия болобу, биздин кошуна мамлекеттер болобу Кыргызстандын президенттигине татыктуу, элине күйгөн, мамлекетти ойлогон, өнүгүү арыгын чаба турган, сөзүнө турган, ишмер жетекчи келсе, эл тандасын деген пикирде болуш керек.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: