Дин маселеси өлкөдө кыйын кырдаалды жаратып жатканын эч ким тана албайт. Диний маселе көтөрүү да кыйын болуп турган кез. Бир нерсе деп жаза койсоң төрт кыл сакал коюп алган кээ бир молдокелер ар-намысыма шек келтирди деп сотко чуркаганды адат кылып алышкан. Жогорку чини бар адамдардын оозунан балит сөздөр чыкса карышкырды көргөн күчүккө окшоп куйругун кыпчып олтуруп калышат. Чубак ажы да кайрылуу жасап кыргыздын салтына, ислам динине туура келбеген майрамды майрамдабай турган мыйзам жаза албаган ажы депутаттарга нааразы болгонун жазыптыр. Ал “Мен нааразы болом намаз окуган депутаттарга, эмнеге ушуга окшогон терс көрүнүштөрдү козгошпойт. Биз ишенип добуш берген, намаз окуган депутаттар эмнеге унчукпай отурушат? Алар төрдөн орун алып, алдыңкы катарда намаз окугандары менен мусулмандардын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарга келгенде эмнеге унчугушпайт? Депутат Карамушкина жума намазга кеткендерге каршы сүйлөсө, бирөө «лам» деп койгон жок” деп капа болуптур. Чубак ажынын кебинде жан бар. Карамушкина кыйкырып жатканда намаз окуган депутаттардын бири да ооз ачып койгонго жарабай, коомго жаманатты болбойлу дешип тымпыйып олтуруп беришти.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ