“Мен мугалим болуп иштейм. Чындыгында мугалимдердин эмгек маянасы өтө аз, элементардык турмуш-тиричилик кем-карчтарын чечкенге да жетпейт. Ошол себептен биздин мугалимдерибиз 17 жаштан өйдө бала-чакаларын Россияга иштеп келгенге жөнөткөнгө аргасыз болуп жатат”, – деп билдирди Жалал-Абадда Сөз эркиндигин коргоо комитети өткөргөн жыйында жергиликтүү мугалим Айжан Асанова.
“Ошол эле мугалимдер 5-10 миң сом акчага иштеп, жакырчылыктын чегинде жашаса да кайра эле барып СДПКны шайлап жатат. Бул СДПКга “туура кыласыңар” дегендей эле сөз болуп жатат. Элдердин сабатсыздыгы да ушундай күндөргө келгенибизге түрткү болуп жатат, ушундай туңгуюкка капталганыбызга элдердин сабатсыздыгы, кайдыгерлиги түрткү болуп жатат”, – деди Айжан Асанова.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ