Menu

Калиевдин калыңы кымбатап атыптыр

Бөлүшүү:

Транспорт жана жол министрибиз бар эмеспи. Жамшитбек Калиев деген. Мына ушул мыктынын наамына Ысык-Көлдүктөр нааразычылык билдирип чыгышты. Анткени учурда Балыкчы-Корумду жолунун курулушун аткарып жаткан «Лонг-Хай» компаниясын тикелей эле тизеге чаап жатыптыр. Аныгында аталган компания Балыкчы-Корумду жолун талапка ылайык куруп жаткан. Анан эле ар кандай себептерден улам жол куруу токтотулуп калды. Билген ки­шиге биринчиден, биздин жолубуз курулбай жатат. Жарандарыбыз чаң жутуп, ары-бери араң каттодо. Экинчиден, Ысык-Көлдүн «сезону» жакындап келе жатат. Албетте, болгону эки айлык аралыкта элибиз тирилик кылып калышы керек. Бирок жайлоого бара жаткан жаман жол өңдөнүп турган жолдон туристтер кантип өтүшөт да, Кыргызстан тууралуу эмне ойдо калышат? Үчүнчүдөн, Жамшитбек мырза учурдагы жолду курууга ээлик кылган «Лонг-Хай» компаниясына тоскоолдук жаратып жатыптыр. Маңызы, «калыңын» катуу бычкан окшойт, ишти жүргүзүп жаткан жеринен токтотуп, «Чайн Роад» аттуу башка компанияга алмаштырууну көздөөдө деп билдиришти. Жамшитбек мырза, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгыңыз качантан бери өйдө болуп калган?

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: