Menu

Жалал-Абад шаарындагы почта бөлүмдөрү компьютерлештирилет

Бөлүшүү:

Жакынкы мезгилде Жалал-Абад шаарынын бардык 14 байланыш бөлүмдөрү компьютер менен камсыз болгону турат. Почта системасын реформалоо программасынын алкагында Бүткүлдүйнөлүк банк аркылуу республикада 80 филиалдын ичинде Жалал-Абад филиалы да “Нива” үлгүсүндөгү автомашина менен камсыз болду. Бул тууралуу “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад почталык филиалынын жетекчиси Байзак Ниязов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы почта бөлүмдөрүнүн ишин техникалык заманбап каражаттар менен камсыз кылуу максатында жакында арада бардык бөлүмдөрдү компьютерлер менен камсыз кылуу ишке ашырылмакчы.

-Техникалык жактан артта калуулар болгонуна карабастан 2016-жылы Жалал-Абад почталык филиалынын жамааты белгиленген план-тапшырмаларды аткаруу боюнча бир катар иш-аракеттерди жүргүзө алдык. Мисалы, белгиленген план 103, 4 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүч 156, 8 миң сомго ашыкча аткарылгандыгын айгинелейт. План-тапшырмаларды аткарууда шаардын №1, 3, 7, 12, 14 байланыш бөлүмдөрү жакшы көрсөткүчтөрдү жарата алышты. Ошондой эле “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад почталык филиалынын кызматкерлери өткөн жылы 2512 пенсионерлерге айына 12 миллион 496,6 миң сомдон, ал эми 929 пособие алуучуларга ай сайын 2 миң 23, 5 миң сомду убагында жеткирип берүүгө жана маданияттуу тейлөөгө өз аракеттерин жумшашты, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад почталык филиалы Мамлекеттик “Кыргызпочтасы” ишканасынын структуралык түзүмү болуп, анда 53 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 28 пайызын эркектер, 72 пайызын аял кызматкерлер түзүшөт. Кызматкерлердин орточо айлык маянасы 7 миң 146 сомду түзөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: