Чуусу бүтпөй жаткан Максим Бакиевге тиешелүү делген 1 гектардан ашык жери Болот Шердин иниси Баткен Шерниязов ээлик кылып, пайда көрүп келе жатканын өткөн жумада АКИпрессте” Бакыт Бакетаев, Кайрат Осмоналиевдер жар салышкан. Бирок муну Баткен мырза танып, “Мен быйыл өтө турган президенттикке талапкер катары чыгып ат салышам. Ушундай аруу тилегим бар. Бул кадамымды көпчүлүк уга элек, бирок жогорку жактагылар жакшы эле билишет. Балким менин бул аракетим айрымдарга жакпай, бут тосуп жатышат”, – деген өндүү пикирин билдирип чыкты. Өзүн аябай салмактуу, бийликтин үшүн алган саясатчы катары эсептеп алган көрүнөт. Башка шылтоо айтса болмок экен, уккандын күлкүсүн келтирбей.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ