Menu

Бакыт Төрөбаев: Жол кырсыгына күнөөлүү Виктор Пухов Россияда болсо да жазасын алышы керек

Бөлүшүү:

Эске салып кетсек, өткөн жумада  Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Виктор Пуховдун айынан болгон жол кырсыгында кыргызстандык жаран Евгений Лексин каза тапкан. Андан көп убакыт өтпөй Виктор Пухов Кыргызстандан чыгып кеткен, а Орус элчилиги тарабынан каза болгон адамдын үй-бүлөөсүнө эч кандай кайрылуу жок.

Онугуу-Прогресстин лидери Бакыт Торобаев бул окуя боюнча Kyrgyztoday.kg редакциясына өз пикирин билдирди.

-Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Виктор Пуховдун айынан болгон жол кырсыкта каза тапкан Евгений Лексиндин үй-бүлөсүнө карата элчиликтин позициясын эки тараптуу мамилелерге жооп бербеген жана туура эмес. Элчиликтин жетекчилиги каза болгондун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, тез арада жардам берүүнүн ордуна, тескерисинче, кайдыгерлигин жана жоопкерчиликтен качуу аракетин көрсөтүп койду. Жол кырсыгына күнөөлүү Виктор Пухов Россияда болсо да биздин жарандын каза болгондугу үчүн жооп бериши керек, ал эми Кыргызстандын ТИМи бул маселени көзөмөлгө алсын», – деди Төрөбаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: