Menu

Аслан Сартбаев катуу машыга баштадыбы?

Бөлүшүү:

Кийинки мезгилде ити чөп жемек турсун, көңүлү айнып тургандыктан алдына казы, карта койсо да жыттабай калган бир чоң гезиттин кожоюнунун настроениеси носкиге түшкөн кез. Негедир мурдагыдай иши жүрүшпөй калган баш редакторду капталга сүзгөндөр арбып кетти. Бир генералдан сокку жеген кишини кайрадан бутага ала башташты. Анын үстүнө мурда калпыс басып алган “таштары” өзүнө айгак чыгып эсин оодарууда. Башта чогуу сайран курган тарапташтары улам суюлуп кетип баратат. Ал эми жанында айланчыктап жүргөндөрдүн оңдуу таасири жок.

Айрыкча бакыйган бир фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов менен болгон “алаканы” көбүртүп-жабыртып жиберишкени ого бетер аброюн төмөндөтүп жибергенин өзү да туйду окшойт. Ошондуктан таасирдүү делген кишилер менен масилеттешип жекеме-жекеге чакырып жиберди Алтыкени. А бирок, депутат шашпа, кийинчерээк эрөөлгө чыгалы деп койгону коомчулукка шардана болду. Ошол тагдыр чечер эрөөлгө чейин ачкылдан алыс болуп катуу машыгып жатканын таратышты айрымдар. Жок дегенде биринчи удардан жыгылып калбастын айласын жасаган шекилди. Ошентсе да А. Сулайманов акырын жекеме-жекеден баш тартып коюшу ыктымал. Кантсе да ак үйдүн “маданиятына” бөлөнүп калбадыбы? Ал эми Аслан Сартпаев коомчулуктагы өз ордун калыбына келтирүү үчүн эч нерседен кайра тартпоочудай болуп турат. Борбордогу зоболосун кетире берсе таптакыр чөлкөмдөн тебилип кетерин кантип сезбесин? Анча-мынча колдоп коер үлкөн кишилери деле тим турбастыр? Ошентсе да рингден көрө дебатка чакырса заманга бап келмек депутатты. Сулайманов деле кантип жооп беришти өздөштүрүп алды. Илибой канал дебатты өткөрүп берүүгө хоп демек. Керек болсо КТРК деле дебатты биринчилерден болуп колдомок. Мына ушул сунушубузду балким эр жигиттер оң көрүп мушташканды-токтотуп “эрөөлдүн” маданияттуу жолуна өтүп калышаар? Мурундарды былчылдаткандан көрө факты менен сүйлөп сөздөрдү кыраатына келтирсе баракелде демекпиз. Же Аслан мырза “разборканы” дебаттан жогору баалайбы?..

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: