Menu

ОшМЮИда областтык спартакиада болуп жатат

Бөлүшүү:

ОшМЮИнин басма сөз катчысынын маалыматына таянсак, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде билим, илим кызматкерлеринин областтык спартакиадасы башталды. Спорттук иш чаранын ачылышы өзгөчө салтанат менен  коштолду. Райондордогу, шаарлардагы  билим берүү, илим тармактарынан келген  курама командаларды алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов, профсоюздун Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев жана башкалар кызуу куттукташып, мелдештерде аларга ийгиликтерди кааларын билдиришти.

-Областтык денгээлдеги спорттук иш чара биздин жогорку окуу жайда өткөрүлүп жатканы да бекеринен эмес,-дейт ОшМЮИнин ректору Э.Токторов.-Соңку мезгилдерде эл аралык чемпионаттарда катышып, мекенибиздин намысын коргогон үмүттүү спортчулар жетишип чыгып жаткан институтубузда жакшы база, тажрыйба  бар.

Аталган жогорку окуу жайда спорттук иш-чарага катышуучулар үчүн алдын ала ар тараптуу  ынгайлуу шарттар түзүп коюлган. Көтөрүнкү маанайда мелдешке түшкөн командалар спорттун  волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, шашка, тогуз коргоол, ордо түрлөрү боюнча күч сынашууда. Кызматкерлерди спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп жаткан спартакидада командалардын жана жеке спортчулардын беттешүү оюндарында жетишкен көрсөткүчтөрү калыстар тарабынан көзөмөлдөнүп, атайын өзүнчө бааланууда. Анткени өтүп жаткан оюндардагы   кызуу  жараяндарга негизделип «активдүү катышкан спортчу», «күчтүү чабуулчу», «күчтүү коргоочу», «мыкты оюнчу» номинацияларына ээ болгон спортчулар аныкталып, татыктуу сыйланмакчы.  Ар кандай беттешүүлөрдө атаандаштарын артта калтырып байгелүү ордундарды жеңип алган командаларды профсоюздун Ош областтык комитетинин кубогу, эстелик дипломдору жана акчалай белектери күтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: