Menu

Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба жана ветеринария тармагында кызматташтыгы жөнүндөгү эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-июлда, Кыргызстан менен Кытайдын  айыл чарба жана ветеринария тармагында кызматташтыгы жөнүндөгү  эки тараптуу  төрт документке кол коюлду. Иш чара Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен жолугушуусунун алкагында өттү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу алча жемиштерине карата фитосанитардык талаптар тууралуу протокол.

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен  Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандын аймагынан Кытайга чыгарылган жылкы тобуна карата карантиндик-санитардык талаптар тууралуу протокол.

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандын аймагынан Кытайга чыгарылган  жылкы  тобундагы союлган жандыктарга карантиндик-санитардык талаптар тууралуу протокол .

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы ветеринария жана фитосанитария тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу протокол.

Кыргыз тараптан документтерге Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык  жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: