Menu

Баягы эле Батыралиев…

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев иштин көзүн билбей коомчулукту иренжитүүдө. “Алма сабагынан алыc түшпөйт” болуп, орчундуу жерлерге дайындаган ишке шыгы жок, жалкоо кадрлары ишти алып кете албай, саламаттыкты сактоо тармагын иритип бүтүрө турган болду. Мына кечээ жакында эле байдын кызындай мактап-жактап алып келген Дары-дармек жана медициналык техникалар департаментинин директору Гүлмира Шакирова оозун кайсы десе мурдун көрсөтүп ээси ооп, ишти эмнеден баштаарын билбей элейип олтурат. Шакирова башка тармактан келген адис катары ишти жөнгө сала албай жатабы же орун басарлардын оюнан чыга албай жатабы, айтор департаментте иш жакшы эмес. Дегеним, буга чейин коррупцияга шектелип иштен айдалган Курмановдун «куйруктары» экс-шефинин иштен айдалып, сотто суралып жүргөнү сабак болгон жокпу ким билсин, эски коррупциялык схемалар бүгүкү күндө да иштеп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу биздин колубузга бир катар документтер келип түштү. Кийинки сандарыбызда толугу менен окурмандарыбызга тартуулайбыз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: