2017-жылдын башынан бери сууга чөккөн адамдардын саны 96га жетти. Алардын ичинен 30у жаш балдар. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык ,96 кишинин 64үн жайында, тактап айтканда 1-июндан ушул күнгө чейин чөгүп кеткендер түзөт.
Мындай окуялардын көбү Чүй облусунда катталат. Жыл башынан бери аталган облуста 37 адам сууга чөккөн. Алардын 18и кичинекей балдар.
“Адамдардын сууга көп чөгүшүнүн негизги себептери, сууда сүзүүнү билбегендик, коопсуздукту сактабагандык жана спирт ичимдигинин айынан көп болуп жатат”,-дейт ӨКМ басма сөз кызматы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ