Menu

Тажикстанда имамдар интернет колдонгонду үйрөнүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстанда 125 имам интернетке кирип, социалдык түйүндөрдү колдонгонду үйрөнүп жатышат. Алар үчүн атайын окутууларды өлкө бийлиги Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) менен биргеликте уюштурган.

Окутуулардын жүрүшүндө имамдарга Фейсбук жана Одноклассники түйүндөрүндө баракчаларды ачып, интернет аркылуу диний экстремисттик идеяларды жайылткандарга каршы туруу кеңеши берилди.

Уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Лола Олимова окутуулар өлкөнүн беш аймагында өткөрүлүп, аларга көбүнчө жаш имамдар тартылганын айтты. «Атайын курстарга катышкандардын айрымдарынын гана социалдык түйүндөр тууралуу таптакыр түшүнүктөрү жок экен. Бирок алар сабактардан кийин окутуучуларга барып, компьютерде жана планшетте иштөөгө үйрөтүүнү өтүнүп жатышты», – деди Лола Олимова.

Маалыматка караганда, окутууларга жума намаздарында миңдеген адамдар чогулган мечиттердин имамдары катышкан.

Тажикстан бийлиги жаштардын арасындагы радикалдашууга чындап тынчсыздануусун билдирип келет. Бийлик өкүлдөрү буга чейин бир канча жолу Фейсбук жана Одноклассники социалдык түйүндөрүн экстремисттик идеаларды жайылтууга айыптап, өлкөдө интернет көзөмөлүн күчөтүүнү сунушташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: