Өткөн жуманын этегинде төрт саясатчы -Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев биригишкенин жарыялашып, арасынан бирөөсү президенттик шайлоого катышаарын билдиришти. Учурда төртөөнүн кимисине оомат оойт, шайлоого кимиси барат деген суроонун айланасында кызуу талкуу жүрүүдө. Саясат таанучуу Бакыт Бакетаев: “Эгер төрт лидер башкалар менен бирикпесе, булардын ичинен Бакыт Төрөбаевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Себеби ал жаңы жүздөрдөн жана парламентте фракциясы бар”, – деген оюн билдирди. Ырасында, серепчинин айтканында чындык бар. Анткени, бул саясий күчтөр Төрөбаевдин айланасына биригип жатышат. Себеп дегенде, Жогорку Кеңеште, республика боюнча бардык жергиликтүү район-шаарларда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаттары отурат. Жогорку деңгээлде уюшулган командасы даяр. Демек, шайлоодо Төрөбаевди сүрөөнгө алуу жагы сүйлөшүлгөнү байкалып турат.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ