Бүгүн, 11-августта Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурунку башчысы Дүйшөн Чотоновдун сот процессине кайрадан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева келди.
Учурда сотто жарыш сөздөр сүйлөнүүдө. Текебаев өз сөзүндө бурмалоо жана жалган көрсөтмө менен соттолуп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ прокурор Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөн Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Видео – Искен Афиджановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ