«Кыргызстан» партиясы адеп түзүлгөндө катуу дымак, калың капчык, бирдиктүү муштум болуп коомчулукка «кооз» кейпин көрсөткөн. Бүгүн баягынын бири жок. Жогорку Кеңештеги аталган фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков фракцияны чогулта албай убара. Канат Исаевди ээрчиген топ өзүнчө кетсе, бирин-экин депутат Баатырбековду жандап жүрөт. Калдайган кадырың же кампайган капчыгың болбой туруп, башчы болом деп тейтеңдеп, темине бергенден майнап чыкпайт эмеспи. Муну Алмазбек мырза анчейин элес албайт өңдөнөт. Аныгында, бирдиктүү иш алып бара албаган фракциянын бизге эмне кереги бар?! Же Жогорку Кеңештин «терисине» жамынып алып эле олуттуу маселе чечкендин ордуна, ички ынтымагын ирээттей албагандар элдин жонунан «пул» сугунуп, чартарапка чачырап олтура беришеби? Жоопкерчилик деген барбы буларда өзү?..
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ