Menu

Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке мамлекеттик сапары башталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Өзбек мамлекет башчысынын 5-6-сентябрга пландалган Кыргызстан сапар учурунда эки тараптуу чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын-ала расмий кабарланган.

Андан тышкары эки тараптуу кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ж.б. боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.

Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: